сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
28373   3948
13.11.2019 Bishkek, Kyrgyzstan
#repost @super.kg_official ・・・ Ырчы Нурлан Насиптин эжеси Элзада Насипбекова жаңы ыр жаздырып, кечээ туугандарынын тоюнда ырдап чыкты. Көп жыл ойлонуп жүрүп эжеси эми ырдоо чечимине келгендиги тууралуу ырчы мырза SUPER.KG порталына билдирди. . "Эжем бала кезинен эле мектеп, район аралык музыкалык сынактарга катышып жүргөн. Музыкалык окуу жайга тапшырам деген планы ишке ашпай, башка кесипти окуп калды. Андан кийин турмушка чыкты, үй-бүлөсү менен алек болду. Жолдошу каза болгондон кийин такыр эле ырдабай калган. Эжемдин буулугуп жүргөнүн байкап, атам, апам баш болуп, баарыбыз жаңы ыр жаздырууга көндүрдүк. Өзү да кызыгып, акыркы кезде аябай ырдагысы келип жүргөн. Кечээ туугандардын тоюнда эжем биринчи жолу жаңы ырын аткарып, сонун комплименттерди укту. Үй-бүлөбүз менен эжемдин ырдап баштаганына кубанып жатабыз. Мындай болушун билгенде мурда эле баштасак болмок экен (күлүп). Буюрса, эжемдин чыгармачылыгын бардык тараптан колдоп беребиз", - дейт Нурлан.
Загрузка...