7172 690
07.04.2020
Стереотиптер( аң сезимде калыптанып калган эрежелер, адаттар)
1. Жыйырмадан ашаарың мн бүлө курушуң керек.
2. Эрге тийип, же аял ал! Сөзсүз! Жалгыз жашаганга укугуң жок
3. Турмуш кураарың мн эле бала жасаш керек. Тогуз айдан кийин эч ким төрөлбөсө, таяк жейсиң. А кокус, жети айлык болуп калса, точно "залет"
4. Келин бүүүүүт жумуштун баарын жасап, тамак даярдаш керек. Чарчаганга, уктаганга, эс алганга укугу жок. Даже өлгөнгө да уруксаат берилбейт.
5. Келин үн чыгармак түгүл, жел чыгарганга акысы жок. Тем более өз оюн айтпаш керек. Анын ордуна ал кандай кийинет, окуйбу же окубайбы, иштейби же жокпу, канча жолу кайсы интервал мн төрөйт баарын улуулар жана күйөсү чече алат.
6. Өзүнчө бөлүнмөй жок! Кыялданбай эле кой!
7. Кичүү бала, же жалгыз бала мал багып, үй жай карап үйдө калат. Ага окууну ким коюптур?
8. Жашоодо ким болосуң, каякта иштейсиң, кимди алып, кимге тиесиң анын баарын улуулар чечет. Сен али жашсың. Туура эмес тандап алышың ыктымал
9. Ачык кийингендин баары эле бузулган неме
10. Оюңду ачык сүйлөй алсаң, тартиби жок немесиң.
Азырынча акылыма келгени ушул. Кошумчалаңыз.
#жөнэлеойлор