2706 56
01.04.2020
Онлайн сабактар башталды. Жакшы нерсе экен. Негизги эле үч - төрт сабакты эртең мн окуп коюп, бошсуң. Ыңгайлуу экен. Түштөн кийин бала каалаган курсуна жазылып, өзү кызыккан жаатта кенен - кесир өзүн өнүктүрө алчудай. Билимиңди текшериш үчүн онлай тест тапшырып коесуң. Башыбызга түшкөн сындын дагы бир күңгөй тарабы го дейм. Мен да жөн отурбай, онлайн тренингдерге катышып жатам. Китепке убакыт табылчу эмес эле. Китеп да кирди жашообузга. Үйдөбүз, бирок өнүгүү жүрүп жатат. "Качан бүтөт?", "Эмнеге?" суроолору мн отура берсең, күнүңдүн өтмөгү да тозок, жашооң да тозок болмок. #Ариет #грамотеи #сапат