3782 55
28.06.2020
СҮРӨТ СҮЙЛӨСҮН
Баласы үчүн жанын берген айбандан адамдын ала турган көп сабагы бар. Айбанчалык боло албаган адамдар арабызда аралап жүрүшөт. Көчөгө байлыгын таштабай, баласын таштагандар чыга баштады. Балдарыбыздын баарына бирдей мээрим жана таалим-тарбия берели... Акылдуу апа баласына:
"Уулум, атаңа караганда көбүрөөк китеп оку. Балдары аталарынан ашпаган улут алдыга өспөйт" - деген экен.
Улуттун майдаланышы - "эне" деген чоң мектептин талкаланышынан улам болот. Бир колу менен бешикти, экинчи колу менен ааламды терметкен энелер, белди бекем байлап, башты бийик көтөрүп, аткара турган иштердин майын чыгаралы. Эркектерге шылтоону-күнөөнү арта бербейли, ошолорду да эне тарбиялаган... Апам себептүү бардык аялдарды ардактап келем.
Урматым менен Идрис Айитбаев