1769 48
11.05.2020
30 күндө 30 сабак
18-күн
СУРАНЫЧ
Соц. тармактагы достор!
Арак ичпейм!
Орозо кармайм!
Беш убакыт намаз окуйм!
Зекет берем!
Ажыга, умрага барып келдим! - деп коюп
БИРӨӨЛӨРДҮ УШАКТАП жатабыз. Жогорудагылардын бардыгын жасап аягында тирүүлөй адамдын этин жеген менен барабар болгон күнөөгө көңүл буруп ойлонбойбуз, же коркуп да койбодук.
Келгиле достор,
башка бирөөлөрдү гыйбат кылган макалаларды бөлүшпөй өздөрүнө барып айталы же алардын күнөөлөрүн желкебизге артпайлы....
_______________________________________
Жаман ой жаныңды алмайынча тынбайт...
Ар дайым негатив ой менен жүргөн адамды уга берсең, сенин позитив энергияңды кошо соруп салат...
ЖЫЛМАЮНУ БИЛБЕГЕН КИШИГЕ БАКЫТ ДА ЖЫЛМАЙБАЙТ
________________________________________
ЭЧ КИМГЕ КИМ ЭКЕНДИГИҢДИ ДАЛИЛДЕБЕЙ ЭЛЕ КОЙ. СЕНИН ЖАМАНДЫГЫҢДЫ КӨРГҮСҮ КЕЛГЕН АДАМ ЖАКШЫЛЫКТАРЫҢДЫ ЭЧ КАЧАН КӨРӨ АЛБАЙТ...
АДАМ АКЫЛЫ ЖЕТКЕН НЕРСЕНИ ГАНА КӨРӨТ. ДАГЫ ДА КӨП АКЫЛДЫ ТАЛАП КЫЛГАН НЕРСЕ МУРДУНУН УЧУНДА ТУРСА ДА КӨРӨ АЛБАЙТ...
Көзүнө бирөөнүн кемчилигинен башка нерсеси көрүнбөгөн КӨРЛӨР көбөйүп баратат.... ___________________________________________
-Сен үчүн качан майрам?
-мен үчүн БИР КҮНҮМДҮ КҮНӨӨСҮЗ ӨТКӨРҮҮ майрам.
АЛЛАНЫН БУЙРУГУН КЫНТЫКСЫЗ АТКАРУУ майрам...
___________________________________________
Алынган аманатты бергенге шашылг
ыла!!!
-аке карызга акча берип турасызбы?
-алгач КОЛУМДУ өп, анан жардам бергенге аракет кылам
-эмнеге КОЛУҢДУ өбүшүм керек
-анткени берген акчамды сенден кайра алуу үчүн мен сенин эртең БУТУҢДУ өбүшүмө туура келет... Бардыкы өтүп барманда
Жоктуку өтөт арманда
Ар кыл адам көрөсүң
Алты күндүк жалганда
Ар кишинин айрыкча
Билген менен кылыгын
Биле албайсың а бирок
Ичиндеги былыгын.... ДОСУҢА КАРЫЗГА АКЧА БЕРБЕ
ЖЕ ДОСУҢДУ ЖЕ АКЧАҢДЫ ЖОГОТОСУҢ. БАЛКИМ ЭКӨӨН ТЕҢ ЖОГОТОСУҢ!!! (ТУУГАН ДЕЛЕ УШУНДАЙ)
ТУУГАН ЖАНА ДОС АКЧАДАН БИЙИК ТУРУШУ КЕРЕК.
ОРТОГО АКЧАНЫ АРАЛАШТЫРЫП БИЙИК ДОСТУКТУН ЖАНА ТУУГАНДЫКТЫН КАДЫРЫН ЖОГОТПОГУЛА!!! (берчү болсоң жөн эле жардам кылып бер. Ошондо жаның кыйналбай, тескерисинче рахат менен рахмат алат)
Берип жаман көрүнбөй, бербей эле жаман көрүнгөн жакшы экен...
Бирөөгө аманат бергенден корккон заманда, кыздарын аманат берип жаткан аталарды аяймын😔😔😔 11.05.2020 Идрис ак