сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
647   47
26.12.2019
8-болук.Апам,кагылайын апам,мен торогонго чейин аллергия болуп,кулак,муруну аябай кычышып,доктурдан айыкпай,элдик даарыгер тамеки тарт,ошондо басылат деп,тамеки тартып калыптыр...Жыты бир башкача апамдын,элдин апасы атыр жыттанса,менин апам озгочо....😪.Ошол жытынызды сагынам.Сыгылып,кайгырса эле ,озу орто бойлуу арык кемпир да,дубалга суйонуп олтуруп чегип калат..Апам чегип жатса,маанайы жакшы деп,журогум суйунот.Суйлогондо макалдаштырып,элестетип,тура калып,унун да,кыймылын да келиштире туурап калаар эле...😀👍.Созго ото маани берип,кырааты менен суйлоп,кичинебизде жомокторду коркуно чыгарып айтаар эле.Манас китебин оку дейт,окуп берем.Курманбек,Эртоштук баатырлар жонундо окутаар эле мени.Анан патифондон,пластинкаларды угат "Манас,Курманбек..ж.б.Ото берилип угуп,ыйлай турган жеринде,ыйлап,....кубуронуп, душмандарга наалатын айтып,суйлонуп,кудуранып....Саринжи Бокойду кой деп,аны угабыз.Бечара деп....ичи ачышаар эле.Жан дуйносун карыганча эле байытты....Ошол жети класстык билими менен кичине иштегенге да улгуруптур,жаш чагында,билим берип.... Уйубуз бутпойт,эки комнатасы буткон,калгандары бутургончо эскирди.Уста сала берет,уйдон уста узулбойт.Анан апам оз колу менен эле тандырды куруп,очок куруп,аткана куруп салчу....Жаным апам....😪. Бир кун келсем жатат.Жаны уйубуз тууган.Торпогун эмиздирейин деп,торпоктун жибин колуна ороп алыптыр.Торпок чычандаган боюнча,апамды суйроп кетиптир....😰. ---'Суйролуп баратам,колумдан чыгара албай койдум жипти.Олот деген ушул экен деп,😪.Бир топ бардым,алмага оролуп калып торпок,жаным калды....😰.Койноктору тытылган,бети башы,колдору,буттары....😰😭 ---Туралбай жаттым балам,1сааттай,эч ким жок,унум да чыкпайт,😰дейт.Апам,журогум менин😪. --'Ушул дуйнонун сулуулугуна тойбой турдум,олгум келбеди.Бул жарыкчылык кандай таттуу,жормолоп жеттим уйго дейт..😪.Ичим ачышып,ыйлап,сыктап,эжелерим да келип,карап жатышты.Айыгып,туруп кетти,бирок коопто.😔.Кайраттуум апам менин. Бир куну эле апам,жок,сурасам Жамшит агам......😭.Эмне болуптур? -Ооруп больницага тушуптур,анан эле кабар келди апам менен эжемдер,авамдар кетишти..деп,Элдияр айтты.😭😭.АПАМ,кантип котороор экенсиз,жаным апам.....😰 Ордумда...(уланд.бар)
3312   47
29.04.2020
30 күндө 30 сабак 6-күн 6 кеңеш 1-КЕҢЕШ Ар ким өзү сүйгөн кесипти тандасын, же өзү сүйгөн жумушту аткарсын. Анткени СҮЙГӨН ИШТЕН ДЕНЕҢ ЧАРЧАСА ДА РУХУҢ ЧАРЧАБАЙТ... 2-КЕҢЕШ МАКСАТ МЕНЕН АРАКЕТ БИРИККЕНДЕ ГАНА ИЙГИЛИК ЖАРАЛАТ. Антпегенде ар ким максат коюп кыялданып отура берет. Америкага баруу максатым, бирок... 3-КЕҢЕШ МУГАЛИМДИ БАРКТАБАГАН ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ ЖОК! Усталар үй курат, мугалимдер мекен куруп жатканын унутпоо керек. Устаз ата-энеңден улуу-деген улуулардын кебин унутпоого чакырам... 4-КЕҢЕШ ЧЫНЫГЫ ЖЕТИМ ата-энеден айрылаган адам эмес. Чыныгы жетим адамгерчиликтен, адеп-ахлактан жана билимден айрылган адам. Бүгүн адамзаттын мына ушул жетимдик менен алсыздап турган учуру. Акылы күчтүү бирок адеби жок кишини жаштарга өрнөктүү деп айтуу кыйын. Мекенди акылдуу бирок адепсиз жандар сактап кала албайт! Адеп-жыпар жыт сыяктуу. Атырды да сен себесин башкалар рахат алгандай, адептүү бол-башкалар сенден рахат алсын жана ыраазы болсун 5-КЕҢЕШ РАХМАТ АЙТЫП РАХАТ АЛ. УРМАТТУУ УЛУУЛАР: -салам бергенге, -колуңа суу куйганга, -автобуста орундук бошотуп бергенге, -ооруңду көтөрүшкөнгө, -жумушуңа жардамдашканга, -сизге жакшылык кылып жаткан жалпы ЖАШТАРГА "РАХМАТ БАЛАМ" - деп айтуудан эринбесек. Жаштардын кылган жакшылыгын, жалпыга угузуп "рахмат, азаматсың балам. Өмүрүңдөн береке тап, көп жаша. Ата-энеңе рахмат"-деп айта берсек. Аны уккан башка жаш балдар "мен да ушинтип жакшылык кылам" - деп ойлонот, ал эми жашкылык кылган киши, кылган ишинин жыйынтыгын көрүп кубанып жашайт. Рахмат айтууга жарабаган, өрнөктүү болгондун ордуна, же өзүн, же сөзүн эптей албаган улуулар жаштарды күнөөлөбөй өзүбүздү жакшы жакка өзгөртүү керек... 6-КЕҢЕШ ОРОЗО ДЕНЕНИ ДЕМ АЛДЫРТАТ Иштеп жаткан ар бир техниканы белгилүү учурда токтотууга, майларын алмаштырууга мажбурсуз. Антпесе узак иштей албай калат. Окуучу да бир аптада бир эс алууга чыгат, жумушчу да дем алууга жатат. Ооба, дем алып турбаса, бирдей аракет жана ийгилик болбойт. Адамдын денеси да бир фабрика сыяктуу, ал эми анын дене мүчөлөрү, ички органдары фабриканын иштеп жаткан жабдуулары сыяктуу. Орозо болсо, ошол фабриканын дем алуусуна, бузулбай жакшы иштөөсүнө жардам берет. Денедеги зыяндуу заттарды жоготот.. ИДРИС АКЫН
Загрузка...