762 46
15.04.2020
"Врачтарга"
Жер шарында билбейм канча врач бар?
Статистика тактап аны ырастаар?
Деген менен: Жараткандан кийинки,
Ден соолуктун сакчылары врачтар!
Бизге кандай көп болсо да сынактар,
Билбейм канча биз билбеген сынак бар?
Бир билгеним, оору менен алышып,
Бизди дайым сактап келет врачтар!
Элдик врач, эл багына ырас бар,
Эл ичинде, "Эл" деп жашайт врачтар!
Элди кырмак эгер врач болбосо,
Эч бир жанга көрүнбөгөн жыластар!
Апааттарда үйдө жатып албастан,
Ар бир күнүн адам үчүн арнашкан,
Ак халатчан врачтарга рахмат,
Ажал бүрккөн оору менен кармашкан!
Бирин карап, бирин бөлүп-жарбастан,
Бир күн дагы эс алууга барбастан,
Биз деп жүргөн врачтарга рахмат,
Бизди аңдыган ажал менен арбашкан!