11559 625
25.06.2020
"Вазир жакшы хан жакшы", " Эрди эр кылган аял", "Алтын баштуу аялдан бака баштуу эр артык ж.б. дешип.... негизи мындай ойго кошулбайт элем. "Жибекти тута албаган жүн кылат, аялды тута албаган күң кылат" сындуу макалдар мн деле карама - каршысын айта берсең, уланып кете берет.
⠀
Жашоодо ар кыл үй бүлөнү көрдүм. Дөөлөттүүнүн ырыскысын качырып, жүдөгөн зайыпты да көрдүм. Жоктон бар жасап, үзүлгөнүн улаганды да көрдүм. Аялы тың, табышкер. Жолдошунун "эркек" дегенди тастыктаган "эмеси " эле бар. Калганынан дайыны жокту да көрдүм.
⠀
Макалдардын кайсы бир деңгээлде чындыгы бар дечи, бирок, көбүнесе адамдын өзүнөн болот экен. Эч нерсени каалбаган, баш ооган жакка кете берген дейдинин каалоосун ойготуш кыйын. " Өсөм " деген каалоосу бар адамды өлүм эле токтотпосо, эч ким жолтоо боло албайт.
⠀
Эрди - катын мамилесинде жолдошу чоң ийгиликтерге жетет, бирок жубайы үйдө отуруп, деградация бп кеткен учурлар болот. Эки деңгээлдин бир арага келиши, бир деңгээлде сүйлөшү азап боло баштайт. Кызык тарайт дегендей.
⠀
Жолдошу өмүр бою бир деңгээлде, жубайы окуп - чокуп, иштеп, өсүп кетет да жолдошу артка өзүнүн деңгээлине тарта баштайт. Анткени биздин менталитетте аялдын алдыга оозунушу айып нерсе.
⠀
Экөө бирдей, бир команда болуп, бир багытты көздөп, чогуу өсүп, максаты бир болуусу абзел экен. Бирин бири камап, кызганып, кыспай, бирин бири жөлөп, өстүрүп, колдоосу маанилүү. Үй бүлө институту да оңой эмес, чоң искусство! #жөнэлеойлор
________________________________________
Визажист @venera_vizazh
Фото: @san_imanov
Место: @maryotel_bishkek