3172 43
09.05.2020
30 күндө 30 сабак
16-күн 16 мүнөт ойлонолу
.............. Балам үчүн жашап жатам-деп, балаңды кошо бактысыз кылып жатасың...
............. Балдарыңар ата-эне бактылуу болмоюнча чыныгы бакыттын даамын сезбей жашайт...
............. Үй-бүлө урушкана эмес...
............. БАЛДАРЫБЫЗ БИЗДЕН ӨТҮШҮ КЕРЕК!
Доцент шакирт профессор устазына:
- устаз, биз сиздин жарымыңызчалык болсок кана эле! - деген эле, устаздын ачуусу келип ушундай деди:
-эй Мурат! Сен менин жарымым, сенин шакиртиң сенин жарымың болсо, акыры ортодо эч нерсе калбайтко! Балам сен менден өтүшүң керек!...
Үй-бүлөлөр да ушундай болуусу керек. Ата-энелер да ушинтип ойлонуусу керек.
Апасы баласына: "атаңдан көрө көбүрөөк окугун, балам! Себеби перзенти ата-энесинен ашпаган улут алдыга өспөйт!...."
.................... Баланын эң керек болгон муктаждыктарын аткарбоо канчалык туура эмес болсо, алардын ар кандай каалоосун аткаруу да ошондой эле ката болуп саналат...
..................
БЕЙИШ ЭНЕНИН ТАМАНЫНЫН АСТЫНДА
Бир аял казыдан сурады:
"Эмне үчүн биз күйөөлөрөбүзгө баш ийүүгө буюрулганбыз. А күйөөлөрүбүз бизге баш ийүүгө эмес".
Казы аялдын өзүнөн сурайт:
"Канча перзентиңиз бар?". Аял:
"Үч уулум бар", деп жооп берет.
Казы:
"Аллах таала сизди бир эрекке баш ийүүгө буюрду, бирок ошону менен бирге үч эркекти сизге баш ийүүгө буюрду. Алар сиз ыраазы болбосоңуз бейишке кире албайт. Эми өзүңүз айтыңызчы, кимде артыкчылык бар экен, аялдардабы же эркектердеби?!", деп айтты.
Ошондо ал аял:
"Мени мусулман кылып жараткан Аллахка мактоолор болсун!", деп шүгүр келтирди... 09.05.20 Идрис акын