1219 41
30.11.2019
Эңсеген бакыт жүрөктө сүйүү жаралып,
Махабат таттуу экөбүз үчүн ажайып.
Бир өзүң менен жашайын сүйүм түбөлүк,
Бактылуу сүйүү бактылуу өмүр сүрөлүк.
Сүйүнүн дайра ак кемесине түшөлүк,
Ашыктык сезим көлүндө бирге жүрөлүк.
Ак чабак менен ак чардак болуп дайыма,
Кадыры бийик ак сүйүү болсун жалындап.
Түгөйүм болдун түбөлүк сүйүү тартулап,
Сүйүү бул ыйык жан дүйнө менен жаралат.
###нуркызкожонова##менинсуйуум😘😘😘#кудайгашугур🙏🙏