886 38
19.06.2020
- Жылкы суу ичкен жерден суу ич, анткени жылкы таза эмес суу ичпейт;
- Курт түшкөн мөмө-жемиштерди же, анткени курт эң таза жемиштерге түшөт;
- Жер чычкан уялаган жерге бак тик, анткени ал жердин топурагынын курамы эң бай болот;
- Жылан уялаган жерге үй сал, анткени жылан жашоого эң ыңгайлуу жерге уялайт;
- Тооктор түнөгөндө жатып, турганда кошо тур, күнүң берекелүү болот;
- Жашылчаны көп же, буттарын күчтүү, жүрөгүң эрктүү болот;
- Сууда көп сүз, дайыма сергек болосуң;
- Жерге эмес, асманга көп-көп кара, ойлорун тунук жана таамай болот; - Пайдасыз сөздөрдү сүйлөбө, жан дүйнөң тынч, акылың бай болот; _____________________________________________________________
Бабалардан калган акылман ойлорду улантабыз...