9259 541
27.03.2020
Арстан Алай, Чыпалак, Гүлзат, Даниель, ЖК депутаттары, спикери, ырчы - чоорчулар, Мен,Сиз ж.б.- баарыбыз бир организмбиз. Бөлүп кароого мүмкүн болбогон бир организм! Өзүбүздү кемчилигибиз мн кабыл алганды билели. Кыжырданып атсак эгер бүгүн, демек, өзүбүздү кабыл ала элекпиз дегендик. Өзүбүзгө болгон баанын төмөндүгү. Бирөөнү басынтуу аркылуу өзүбүздү көтөргүбүз келип атат дегендик. Аты эң көп аталган, төпөш жегендерди жаздым. Алардын кандай сонун сапаттары бар. Көргүбүз келбейт негедир. Кабыл алгыбыз да келбейт. Коомдон сырткары башка планетадан келип калгандай көрөбүз. Эй, биз - бирбиз! Булар - биз! Биз деген булар! Өзүбүздү өзүбүз жаакка чаап атабыз! Өзүбүздү ашатып "Келесоо" деп сөгүп атабыз. Өзүбүзгө келген акаарат бул! Өзүңдү өзүң төпөштөсөң эле өйдө чыгып кетмек белең?? Ошол аты аталгандын баары ичибизде, жан дүйнөбүздө жашайт. Жан дүйнөбүздөгүнү кабыл албаганыбыз үчүн кыжырданабыз, сөгөбүз, өлтүрүп койгубуз келет! Мен качан өзүмдү сүйүп баштаганда бирөөгө да жаман сөз арнагым келбей калат! Бирөөнү жек көргүм келбей калат! Бирөөнү басынткым келбей калат. "Какашка" көрсөм дагы анын туура, жакшы жагын издеп калам. Төпөштөп башканы, өзүңдү акылдуу көрсөтүп атсаң, сенде да мандем бар дегендик! Ошо. Ошону эле айтып коеюн дегем! #жөнэлеойлор
Өзүбүздү аяй көрсөтө бербейли деген сүрөт!