сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
128   3   1467
29.02.2020
✨Жаз майрамдарын утурлай, асылзат айымдардын урматына, болгону бир гана күн- 11-мартта! . ✨Т. Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Кубаныч Сатаев жана Кундуз Авашова: "Асыл жарым" аттуу шоу концертин тартуулашат. . ✨Концерттин коноктору: КРнын эл артисти Саламат Садыкова, эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев, Кубаныч Ажыбаев, Омар, Толгонай Арзыкеева, Таалай Сатаев, Союзбек Сейитказиев ж.б. @salamatsadykova @syimykbeyshekeev @kubanychazhybaev @omar.zhanyshov @tolgonai_arzykeeva @soyzbek_seyitkaziev @taalai_sataev . ✨Өмүрдун көркүн ачкан, ааламга нурун чачкан: алпейим апаларды, гүл кыздарды, мээрими көл эжелерди, асыл жар, татына түгөйлөрдү эрчитип, бактылуулук жана ынтымакты жар салган ыр майрамга кош келиңиздер! . ✨"Керемет", "Ак мөөр", "Ажар", "Кыргыз чүрөгү", "Каныкей" бий топтору коштойт. @keremet_dancegroup @ak_moor.dance @kyrgyz_churogu_dance_group @ajar @kanykei_dance ✨Алып баруучу: Расул Багышпаев @rasul.bagyshbaev ✨Режиссер : Жылдызбек Турсунбаев @jyldyzbektursunbaev_official ✨Башталышы саат 18.30 ✨Билеттер боюнча: 0557888987 . https://youtu.be/bgJbry0ZUiE
Загрузка...
191   21   1577
29.02.2020
Туулган жер. созу, обону: Керим Турапов Кылымдардан кылым карытып, Кызыл-Суунун суусу агылып. Бал жыттанган таттуу кымыздай, Туулган жердин суусун сагындым. Жүрсөм дагы алыс араңан, Ата Журтум кетпейт санаамдан. Акыл айтып, асыл кеп айткан, Аталардын кебин сагынам. Сары-Ой менен Көк-Ой тоосунан, Бүркүт шаңшып, күкүк сайраган. Ышкын терип аска-зоосунан, Жүргөн күнүм эстеп сагынам. Жылаңайлак, чырпык ат минип, Жылгалардан тунук суу кечип. Балтырымды тилип караган, Балалыгым эстеп сагынам. Коңур-Дөбө - жайлоо, жашыл төр, Коңур желдүү, салкын, асыл жер. Кокту, белес, күнгөй-тескейден, Кой кайтарган күнүм сагынам. Түндүгүнөн түтүн булатып, Апам жапкан нанды сагынам. Үйүр-үйүр жылкы айдаган, Атам жүргөн жерди сагынам. Үйүр-үйүр жылкы айдаган, Атам жүргөн жерди сагынам. Ата Журтум эстеп сагынам. Балалыгым эстеп сагынам. #туулганжерим #туулганжер #туулганжердисагынуу #туулганжердинтопурагыалтын #родина #родинамоя #роднойкрай #классическийкостюм #классика #кыргыз #кыргызча #туулупосконайылым #туулупосконжерим #темирназаров #temirnazarov # #медленнаяпесня #песнядлядуши