сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
6845   174
29.02.2020
Адамга урулган терс энергияны жүрөк казанына салып мээрим кошуп аралаштырып, жумшартып адамзаттын адамгерчилик үлгүсүндөгү бир жакшылык кылып кайра даярдап, анан аны башкаларга сунуунун өзүндө не деген бакыт болорун айтайынчы. "Жашоо- күрөш" эмес, «Жашоо- жардамдашуу» экенин акылыма салып, тагдырдагы ар бир кыймылда сыр бар экенин, ал сырга үӊүлүп жакшы жагын издесеӊ жакшы болорун, жаман жагын издесеӊ куюлуп, кулап, урап жок болорун эстейинчи. Көзүмдөгү баткак чачыраган көз айнегимди алып аарчып, дүйнөнү өзүмдүн көзүм менен кароо не керемет сезимге эгедер кыларын аӊдатканын кошумчалайынчы. Адамдын тилин эмес, акылдын, жүрөктүн тилин пайдалан деген анын соӊку кеӊешин жазайынчы. Бул эӊ оор жол. Бирок бул жолдо нечендеген жакшы адамдар бар. Жакшылар гана бул дүйнөнү талкаланып, урап, кулап, бөлүнүп, бырчаланып калуудан сакташат. Адамдар жүрөк тилин унутушпаса экен! Адамдар акыл тилине келсе гана! Адамдар жан дүйнө тилинен ажыраганда бирин- бири түшүнбөй, түркөйлөшө баштайт окшобойбу… Ж.Ж.
Загрузка...
2271   79
29.02.2020 Central Park Bishkek Kyrgyzstan
Акча жөнүндө... 💰 Акча адамды бактылуу кыла албай👆Бакытты балдар, сүйүү 💖 мамиле, ден соолук, бош убакыт камсыздайт🙏эмеспи... Бирок, акча жашообузду ар тараптуу, кызыктуу, ыңгайлуу, коопсуз, көз карандысыз өткөрүүгө жардамчы!!! Акчалуу болууну өзүңүзгө үйрөтүүнүн жолу менен бөлүшкүм келди, мисалы мен: - Акчаны сыйлайм! Колдогу акчаны дайыма тыкан, таза, ыңгайлуу капчыкка салам; - Акчаны чакырам! Акчаны капчыкка дайыма ирээти менен салам, бүктөп, бырыштыруу, же чаржайыт кармабайм; - Акчаны үнөмдөйм! Колдо бар каражатты өзгөчө зарылдык үчүн гана сарптайм. Сатык алдында өзүмө бир нече жолу суроо берем; - Акчаны топтойм! Жалгыз болбогон соң, эртең эмне болуп кетет деген ойдо акчаны чогулта жүрүүгө көнгөм; - Акчаны сүйөм! Сүйүктүү нерсени эч качан колдон чыгаргың келбейт. Андыктан ал дайыма жанымда жүрөт. 👆 Көп үй бүлө “акчаны табабыз, бирок кайда кеткенин билинбейт” дешет. Үй бүлөдө акчаны сарамжалдуу, үнөмдүү, тыкан адам кармаганы оң. Акча дайым кармалып турган үй бүлөдө ынтымак менен тынчтык да ээрчише жүрөт👏 Сиз үчүн акча эмне?