сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
209   8   2512
28.02.2020
Биз эмне үчүн тил үйрөнүшүбүз керек? Эмне үчүн дүйнөдөгү баардык инсандар бир тилде сүйлөшпөйбүз?! Биз башка улуттардын эмне үчүн тилин үйрөнүшүбүз керек?! Ушул суроолор кыйнап жаткан болсо; Анда Хужурат-12'чи аятын окуңуз! Сизге баарын түшүндүрүп берет! Биз тил үйрөнүү менен кандай ийгиликтерге жетебиз?! Тил үйрөнүүнүн бизге тийгизген таасири кандай?! Тилдин бизге тийгизген таасири өтө чоң, баа жеткис! Ар бир тил-өзүнчө чоң дүйнө! Ар бир тилде, өзгөчө дил азык камтылган! Ар бир тилде, өзүнчө Аллахтын аяты! Сиз бир тил үйрөнүү менен 80млн-1млрд инсандын дардин кубанычын түшүнүүгө даяр турасыз! Сиз тил үйрөнүү менен канчалаган улуттар арасында көпүрө болуп жатасыз! Өзүнүздүн Илимге-билимге болгон умтулушуңузду, кичине көрбөңүз! Арбир чоң нерсе майда нерседен башталаарын унутпаңыз. Кандай эле, тамчыдан-деңиз куралгандай! Айчүрөк Үсөновна! Максимум прогресс окуу борбору! Арап-тили жана Түрк-тили
2024   257
28.02.2020
Тааак, ошондо азыр Москвада саат 11 болду да ээ? Жакшы ойгонуп, чай-пай ичип алдыңыздарбы? Анда айта берейин ээ☺️ Жаз келээри менен майрамдык маанайларды артынып алып жөнөп жатабыз, сиздер тарапка Дайыр брат экөөбүз 😇😇😇 Барып бииир ырдап, бийлеп мекенге болгон сагынычыңыздарды бир аз болсо да таратып келели депчи 😊🤗 Ошого, эртерээк айтып коёлу дедик эле. Былтыркыдай "укпай калыппыз, эртерээк айтпайт белеңер" дебеш үчүнчү 😊 Азыртадан пландап, жумушуңуздардан уруксат сурап, билет алып дегендей 😇 Буюрса, өзгөчөрөөк концерт койгонго аракет кылабыз. Келиңиздер ээ😇🤗 Күтөбүз. Москвада жүргөн мекендештер, окугандар болсо мынтип 🤚🤚🤚 кол көтөрүп белги берип коюңуздар ээ🤗 Бул жакта туруп эле окуп жаткандар болсо Москвада жүргөн тааныш, тууган, досторду комментке белгилеп коюңуздар, келип көңүл ачып кетишсин 🤗 Ошооо😇😇😇 Корушкончо анда 💐😘 Толук маалымат сүрөттөгү номерлерде 📞📞📞
Загрузка...
15663   158
28.02.2020 Дом Аллаха
ЖҮЗ НАСААТ. . Азирети Лукман Хаким айткан жүз насаатын ар бир ата эненин уулуна айта турган насааты катары чын жүрөгүмдөн кабыл алып, дүйнө жүзүндөгү бардык балдар ыймандуу, тартиптүү, акылдуу, аң сезимдүү, бактылуу болушун Аллахымдын сурап сиздерге ушул насаатты сунуш кыламын. 1. Уулум, Алла Тааланы тааны. 2. Кандай акыл-насаат айтылса, биринчилерден болуп карма. 3. Өз деңгээлиңе жараша сүйлө. 4. Калкыңдын кадырын бил. 5. Ар бир кишинин укугун корго. 6. Сырыңды сактай бил. 7. Жоро-жолдошторуңду пайда, зыян тартканда сына. 8. Досту кыйын күндө сына. 9. Наадан, акмактан алыс кач. 10. Акыл, эстүү даана адам менен достош. 11. Кайырдуу ишке кайраттуу бол. 12. Жаман аялга ишенбе. 13. Кеңешти түз жана илимдүү кишилерден сура. 14. Сөзүңдү далилдүү айт. 15. Жаштыгыңдын баркын бил. 16. Жаштыгыңда эки дүйнөнүн ишин бүтүр. 17. Досторуңду кадырла. 18. Доско да, каска да маңдайыңды ачык карма. 19. Ата-энеңдин баркын бил. 20. Устазыңды атаңдан артык сана. 21. Чыгашың кирешеңе жараша болсун. 22. Кандай иш болсо да орточо бол. 23. Жоомарттыкты өзүңө өнөр кыл. 24. Мейманга кызмат көрсөтүү милдетиң. 25. Киши үйүнө киргенде көзүң менен тилиңди тый. 26. Кийим менен денеңди таза карма. 27. Жамаат менен бирге бол. 28. Перзентиңе илим менен адеп үйрөт. 29. Ыгы келсе ат чаап, ок атканды үйрөт. 30. Бут кийим кийсең, оңунан баштап кий, чечсең солунан чеч. 31. Ар кимге өзүнө жараша мамиле кыл. 32. Түн ичинде сүйлөсөң акырын сүйлө, күндүз жан жагыңа карап сүйлө. 33. Аз жеп, аз уктап, аз сүйлөгөндү адат кыл. 34. Өзүң жактырганды башкаларга да ыраа көр. 35. Иш кылсаң кеңеш менен кыл. 36. Үйрөнбөй туруп устаздык кылба. 37. Аял менен балага сыр ачпагын. 38. Бирөөгө түгөл ишене бербе. 39. Жаман адамдан жакшылык күтпө. 40. Ар ишти акылга сал. 41. Бүтүрбөгөндү бүтүрдүм дебе. 42. Бүгүнкү ишти эртеңкиге калтырба. 43. Улууларды шылдыңдаба. 44. Улуу кишиге узун сүйлөбө. 45. Билимсизге бийлик бербе. 46. Сурап келсе кур кайтарба. 47. Өткөн чатакты эске алба. 48. Бирөөнүн жакшылыгын мен кылдым дебе. 49. Байлыгыңды доско да, душманыңа да санатпа. 50. Туугандан кол үзбө. 51. Жакшы кишини ушактаба. @taalim__ баракчасына жазылыныздар