сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
1964   37
27.06.2020
СССР тарагандан кийинки КРИЗИС жана ВИРУС тарагандан кийинки КРИЗИС СССР тараган кезде жокчулукка топук кылып жашаган эл элек. Барына шүгүр келтирип, ыймандын токтугу бар эле. Адамдын кадыры адеп-ахлак жана адамгерчилик менен өлчөнөт эле. Акыркы 20 жылдын аралыгында адамдар материалдык жактан бутка туруп, жашоо шартыбыз бир топ жакшы жакка өзгөрдү. Тоо башына чейин жарыктык жана жылуу суу чыгардык. Жашоо шартыбызды жеңилдеткен техникалар күч алды. Эми алдыда пандемиянын кесепетинен улам экономикалык жана интеллектуалдык чоң кризис келе жатат. Комфортко, жеңилдикке көнүп калгандан кийинки кризисти көтөрө албай калабызбы деп корком. СССР тарагандан кийинки кризисте байлар жок эле. Элдин жашоо шарты бирдей эле. ВИРУСтан кийинки кризисте байлар сараңдыгынын айынан жаман адамдардын кагылышуусуна дуушар болушат. Жамандар биригишип, жакшыларды кыйнашат. Коом бир канча бөлүккө бөлүнүп майдаланат. Улутту ойлогон улукмандар ур тепкиге алынат. Жеңил ишке көнгөн жаныбыз, оор ишке онтоп калат. Күнүмдүк тапканыбыз күнүмдүк жегендей ашпай калат. Тарбиясыздык күч алган коомдо, тарбияга чакырган кишилер жамандалат. Ата-эненин кадыры телефондон төмөн түшүп кетет. Кеп-кеңеш берилбеген коомдо жакшылык болбойт. Кеңеш берген кишини жек көргөн коомдон да жакшылык чыкпайт. Азыр интеллектуалдык, адеп-ахлактык кризис башталды. Ушуга ушунча болуп жатабыз. Бираздан кийин экономикалык катуу кризис башталат. Ал кезде кантээр экенбиз. Келечек муун үчүн чочулайм, келечек үчүн кайгырам... Идрис Айитбаев #коркуп_кетем_ойлосом #Кудай_сактасын #Мекеним_Кыргызстан #жаман_көрбөңүз
Загрузка...
1183   30
27.06.2020
Кутман тун🌇🙏🏼. Бир гана Бердигулова тундо пост жазат🤦🏼‍♀️🙈кечирип койгула😊 3 баламды уктатып, озум эзилип жуууунуп😂 1 саат жолдошумдун канын ичип 🤪🙈🤦🏼‍♀️😂😉( менин эн жакшы коргон тамагым 😏) шутка. Эми мындай 🤔 бул пост бир айым жонундо болот. _________________________________________________________________________________________ Мен негизи айымдардын баары алсыз ,Эркектердин баары кыйын деген ойго кошулбаймын😉🙈 Аялдардын да кыйыны болот 🙌🏻🙌🏻💪🏻💪🏻 Мисалы: @nurzina_namazbekova эжем, Апчем , подругам🤪😉 4 баланын мээримдуу апасы, кучтуу мотиватор , коп айымдарга дем-куч берген, бизнестин 💪🏻💪🏻💼ханышасы👸 -десем жанылышпаймын🤗🤗 @nurzina_namazbekova мен дайыма жарнак кылган @phoenixgym_kg ( мудуру+ жетекчиси) спорт биринчи байлык 💪🏻дегендей жаштарды спорт чакырат😊🏋️‍♀️🏋️‍♀️🏋️‍♀️🏋️‍♀️🏋️‍♀️ Эмне дейбиз @nurzina_namazbekova сиздей эжем турган 🏔🏔🏔тоону ашып отобузго. _________________________________________________________________Кучтуу айымдар, кучтуу мамлекет!