2563 225
34178
23.06.2020
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Ардак Грамотасынын" жана Ж.Шералиев төш белгисинин ээси, Ат-Башы районунун ардактуу атуулу, ырчы, заманыбыздын залкар кыякчысы Гүлнара Сыдыкбекова 10 жылдан бери рак илдети менен жабыркап келет. Азыркы тапта анын өмүрү коркунучта. Тез аранын ичинде оор операция кылуу зарыл.
Операция көп суммадагы каражатты талап кылгандыктан, Гулнара Сыдыкбекова сиздердин жардамыңыздарга муктаж. Кадырлуу жумурай журт, канча болсо да колдон келген жардамыңыздарды аябаңыздар!
Гүлнара Сыдыкбекова Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын астындагы Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринде 35 жылдан бери эмгектенип келет. Жеке чыгармачылыгында бир нече күүлөрдү аткарып, ырларды ырдаган жана клиптери бар.
Жогоруда айтылган 10 жылдан бери тынымсыз Алматыда жана Индияда дарыланып келген ырчы айым карантинге байланыштуу чыга албай калып, оорусу күчөп кеткен. Учурда акыбалы өтө оор.
Жардам берүүнү каалаган кайрымдуу асыл инсандар үчүн Гүлнара Сыдыкбекованын Элсом номери: #0772148886
________♥️ Бөлүшүңүз, бул да сиздин кайрымдуу экениңиздин бир далили! Ыраазычылык билдиребиз!
———————————————————————————АЯГЫНА ЧЕЙИН КОРУНЗДОР ДОСТОР