сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
1622   24   29602
08.01.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Күмөндөр байкем туура сөздөрдү айтып жатат! Мурда күнү Баткенде бир акмак аялын сабап өлтүрдү, Кочкордо да бир көк мээ аялын сабап өлтүрүп койду. Аябай өкүнүчтүү окуялар! Бул коомчулукка жеткен маалыматтардан. Ал эми коомчулук билбей канчалаган аял заты күйөөлөрүнөн зомбулук көрүп келет. Ушунун баары биздин эл эмне дейт деген түшүнүктүн айынан болуп жатат, мисалы бирөө барып өз күйөөсүнө мени сабап койду деп арыз жазып салса. Эртеси бардык айыл аны талкуулап , жамандап, каргап жатып калышат. А негизи тескерисинче болушу зарыл , бир аял барып күйөөсүнө арыз жазып салса. Элдер туура, кылыптыр деп, ал эми чоң муштум күйөөлөр коркуп, аларга чоң сабак болмок! Экинчи аялыма кол көтөрсөм мени дагы камап коюшпасын деп. Кыргызстанда кыз келиндерге болгон зомбулукка көз жумганды токтотуш керек. Эгер ошондой күйөөсүнүн чоң муштумунан жапа чеккен үй-бүлөөлөрдү билсеңер көз жумуп койбой , тийиштүү органдарга жеткирүү туура деп ойлойм. Келгиле достор аял затынын укугун тебелебейли!
Загрузка...
11462   866
08.01.2020
Эмии, мындай, каражандар, акыркы жазылган тамаша постума ар кандай реакция жүрдү. Укмуш кайнады! "Тарс " эткен тамашама чычалап, асынып алгысы келип 40 - жип, чөгүп өлгүсү келип бир кашык суу сураганы андан көп. "Кечирип койгулага" сөз көтөрө албай, көтөрүм болуп кеткендерди, камгактай жеңил, тамашаны түшүнбөй, тамтаңдагандарды кошпой калыптырмын. Кечирип койгула, иттик менден кетти!))))) Бир кыз сөз мн чымчыса түтө албаган турмуштун муштумуна түтө аласыңарбы? Ичине ээр токум баткан жигиттин ичине таруудай тамаша батпай убара!)) Кантели? Өзүн илинип турган май элестетип алгандар андан көп! Боорду эздиңер!))) Жүдөгөнүн зайыбына оодара салып, жоопкерчиликтен кутулгусу келген мындан көп! Бирок тамашаны татып, туура түшүнүп, кычкылына ачуурканбай, жутуп коюп, "Өзүбүздү сырттан карайлы, туурасы бар экен, моюндайлы!" деген мырзалардын көптүгү сүйүндүрдү. Мен күлсөм, кошо күлүп жыргаган агаларым, инилерим силерге өзгөчө алкыш! Илгери кыз - жигит топтошуп ойногон жерде кер - какшык айтылып, кыздар жигиттерди сөзгө сындырып, чымчып ойночу экен! Кыздардын сөзүнө чычалабай, чыңырбай - этпей, тилин агызып, уусун салып, сөгүп - сагып, өзүнүн пастыгын көрсөтпөй эле тамашага тамаша мн жооп берип, сөзгө жыгылса, моюнга алып, айыбын төлөшчү экен. Көтөрүмдүүлөрдү биз да көтөрүп алабыз анткени. Анда эмне азыркыдай тили узун, кур намысы көп, чын намысы жоктор жокко эсе эле да. Андайларды чыныгы эркектер сүйрөп барып, тумшугун "жалпак жөжө" кылып коюшчу болуш керек. Аял мн аял болуп бет тырмашып, акыйнек айтышып отургандан уялыш керек оболу. Акыйнек айтышып, аял эмоцияга алдырса, кошо алдырып, жаакташкан үчүн ажырашуулар көп болсо керек да учур чакта. Болбосо, жаныбызда айбаттуу арстан турса, аял асылмак түгүл астынан кыя өтө албайт! Тилдин узарышынын себеби өзүңөрдө жатканын бииир ойлонуп көргүлө. Астейдил сөөгүңөрдү мүлжүп койгон агалар, инилер, айып этпеңиздер. Эмгектен тер жыттанып, жер тырмап, тырмагыңар кыкка толсо, катын - балаңарды сүйрөп, капкара май болуп атсаңар, бир жыртыкты бүтөй электе бир жыртык пайда болуп, акча үнөмдөп атсаңар, керели кечке оокат деп жүрүп бутуңар жыттанып атса, силерди миң эсе сүйүп, жаныңарда опол тоо болуп, жакаңарды агартканга даярбыз!