сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
480   20
06.01.2020
2-болук.Магазинден кичинерээк оюнчукка алымсынбайм.Наташа деген озумдой эле куурчактар болоор эле,барып ошону кучактап келип калам....Эч нерсеге конбойм,керек болсо таяктаса деле,алам дедим алам....Кагылайын апам,даарысына деген акчасы жок калат... Анан чий базарга жонойбуз.Себеби,ар бир жумада камыш оруп,кургатып,10чакты чий токуп,ошол базарга эшек араба менен апам,агам менен таштап кетишет.Базаркомго откоруп коюшат,ал киши откон чийдин акчасын берет.Бул биздин уй булодо апам учун, омур бою иш арасындагы эле бир жумуш эле...Эшегибиз да эки арткынкы буттары маймак болчу,лыжадай болуп,аны аралатып туруш керек ай сайын.Кээде осуп кетет,байкуш.Суббота кундору алып бар десе,агам уялат,студент классташ кыздарым келе жатса,мен эшек араба менен....буту да маймак ..деп.Кыскасы барабыз,ал кишини атамды тааныгандай эле тааныйм.Базарда кыйкырып,баарын башкарган киши,бирок аманатка эч качан кыянаттык кылбаган калыс инсан экен,рахмаат!!!Биздин чоон уй булонун бир булагы ушул чий.Акчаны алдык,даарыкандан ото эле кооп даары алдык.Чай,туз,макарон,эт,ширенке,кыскасы чийдин пайдасы чон экен.Анан апам булочка алат эки эле даана....нан саткан дукондун жыты,кандай сонун эле э?...(уланд.бар)
Загрузка...
793  
06.01.2020
Кутман кеч достор!!!Бир конулум келип балалыгыма бир барып келгим келди. 1-болук. Мен,сегиз бир туугандын эн кенжеси болуп,ото эрке эркин остум.Эс тартып,эми азыркы педагогикалык тажырыйбам менен айтсам,3жаш болсом керек.Себеби 3жаштан баштап,12 жашка чейинки окялар эс тутумда ото сакталат. Апам,ашказаны ооруйт,тез,тез эле центрге 3км жерге автобус менен барабыз.Мени эч калтырбайт,себеби ишенбейт,бир туугандарым какыс,кукус кылып жибербесин деп....эркемин да.Больницага киребиз,ал жактын жыты бир эле башка, жытынан эле корко тушосун.Качкыдай болуп,кутконду айт кезекти, мага бир эле кылым.Эшике чыгам,кирем кармаба?дегендин баарын кармап чыгам.Элдин козунчо уруша албасын боркумдой билем.,Эси дартым эле дукон.Ызы,чуу тушуп,апам аябай тез эле айтышып кетчу,туурабы,туура эмеспи...Киребиз,узаак суйлошуп,апама кооп жазып,кагаз берет.Маанайы бузулган боюнча сыртка чыгабыз.. Менин эки оюм дукон.Оюнчук алам деп.Апам,кагылайын апам,аптекага да кирбей дуконго жонойт.Дукондун ичи тескеринче ото башка жыт,жаны материалдардын,бут кийимдердин,атыр,самындардын баарынын жыты биригип,бир озгочо.....Ал жыт азыр деле мурунда....