сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
1538   28
31.12.2019 Osh, Kyrgyzstan
ЖАҢЫ ЖЫЛДА ЖАҢЫ ТИЛЕК. ЖАКШЫСЫЗБЫ ЖАКЫНЫМ, ЖАҢЫ ЖЫЛ ЖАКШЫЛЫКТЫ, ЖЫЛУУЛУКТУ, ЖЫЛМАЮУУНУ ЖЫЛООЛОСУН, ЖАҢЫ ЖЫЛДА, ЖҮРӨКТӨР ЖАРАЛАНБАЙ, ЖАКТЫРЫШКАНДАР ЖАКЫНДАШСЫН, ЖАНА ЖАКЫНДАРЫҢЫЗ, ЖОРО ЖОЛДОШТОРУҢУЗ, ЖАНЫҢЫЗДА ЖҮРСҮН, ЖИБЕКТЕЙ ЖАРЫҢЫЗ, ЖАРОКЕР ЖООМАРТ ЖОЛДОШУҢУЗ ЖАНДАП, ЖАҢЫ ЖЫЛДА, ЖАРДАЙ ЖАСТЫКТА, ЖЫЛУУ ЖУМШАК ЖАТЫҢЫЗ. ЖАШЫҢЫЗ ЖҮЗГӨ ЖАКЫНДАП, ЖҮРӨГҮҢҮЗ ЖЫЙЫРМАДАГЫДАЙ ЖАЙНАСЫН, ЖАҢЫ ЖЫЛДА, ЖУМУШУҢУЗДУН ЖЕҢИЛДИГИНЕН, ЖАМБАШТАП ЖАТЫП, ЖЕР ЖЕМИШТЕН ЖЕҢИЗ, ЖҮЗҮМДӨН ЖЕҢИЗ, ЖҮЗҮҢҮЗ ЖАЛМАРАТ, ЖАҢГАКТАН ЖАЛМАҢ ЖҮРӨК ЖАШАРАТ. ЖАҢЫ ЖЫЛДА ЖЕРЛЕРИБИЗ, ЖЫПАР ЖЫТТУ ЖАРАТЫЛЫШЫБЫЗ ЖАШЫЛДАНСЫН, ЖАДАКАЛСА ЖАНЫБАРЛАРЫБЫЗ ЖАКШЫ ЖАШАШСЫН, ЖАМАН ЖАРААНДАР, ЖАМБАШТАП ЖЫКБАСЫН, ЖАНА ЖАЛПАҢДАБАЙ ЖААГЫН ЖАПСЫН, ЖАКШЫ ЖАРААНДАР, ЖАДЫРАП ЖАЙНАП ЖЫМЫҢДАП, ЖҮРӨГҮҢҮЗГӨ ЖЫЛУУЛУК, ЖҮЗҮҢҮЗГӨ ЖЫЛМАЮУУ ЖАРАТСЫН. ЖАҢЫ ЖЫЛДА, ЖАМАНДЫКА, ЖАНА ЖАКЫРЧЫЛЫКА, ЖОЛ ЖОК, ЖАНА ЖАБЫК. ЖАЛПЫ ЖАРААНДАРГА ЖАКШЫЛЫК ЖОЛДОП, ЖАЛЫНДУУ ЖАНА ЖАГЫМДУУ ЖЫЛМАЙУУ ЖИБЕРЕМ. ЖАРАТКАНЫМ ЖАКШЫЛЫГЫН ЖҮЗДӨП ЖИБЕРСИН. ЖЫРГАП ЖАШАҢ, ЖАҢЫ ЖЫЛДА ЖАҢЫ ЖАШОО, ЖАҢЫ ЖАШООДО ЖАЛАҢ ЖАГЫМДУУ ЖАҢЫЛЫКТАР ЖАНДАСЫН. ЖАКШЫ ЖЫЛДА ЖҮЗҮҢӨР ЖАРЫК, ЖҮРӨГҮНӨР ЖАНЫП ЖҮРӨБЕРСИН
10352  
31.12.2019
2020 каалгабызды каккылап, босогобузду аттаганы турат. Он жылдыкты (десятилетие) карытып, көп сырларга, бүтүндөй бир "өмүргө" күбө болгон эски жылды узатып, "Эмне кылдым?", "Эмнелерди багынттым?", "Кандай ийгиликтерге жетиштим?", "Эмнени кыйраттым?" - деп баш мыкчып, керт башыңыздын алдында эсеп берип отурган чыгаарсыз... Мен да кудум сиздердей болуп, өтмүшкө көз чаптырып, алмаштыргыс ар бир күнүмө саресеп салып жыйынтык чыгарып отурган кербезим. Ак карасы эриш-аркак жүргөн бул жалгандын ОН ЖЫЛДЫГЫ, чындыгында оңойго турган жок. Өйдө-ылдыйы, ийгилиги🏅🏆🎖, кайгысы да кубанычы, айтор баары ичинде... Жашоо ушунусу менен кызык тура... ЖАРАТКАНЫМА ушул күндөрдө айдан аман, күндөн эсен сиздер менен бирге кылганы үчүн ЧЕКСИЗ шүгүрлөр жана мактоолор болсун🙏 Эң башкысы алты саныбыз аман, балдарыбыз кашыбызда, элибиз тынчтык ичинде. Урматтуу мекендештер, достор, бир туугандарым Сиздерди келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм💐 ЧЫЧКАН🐭 табиятынан эмгекчил эмеспи☝️ Эмгекчил болуңуздар! Ден соолугуңуздар бекем, ырыскыңыздар тоодой, телегейиңиздер дайыма тегиз болуп, жакындарыңыз жана бир туугандарыңыз менен ынтымакта жашоо кечириңиздер! Жаңы ОН ЖЫЛДЫКТЫН БАШАТЫ болгон ЧЫЧКАН ЖЫЛЫ токчулуктун, молчулуктун жылы болуп, элибизге бейкуттукту алып келсин 🙏