1854 127
29.12.2019
Жогорку Кенеш Кр
Оокат кылам деп чуркап жүргөн жарандарыбыз банк жана башка кредиттик уюмдардан карызга насыяларды алып, убагында кайрып бере алышпаса, аларды “кара тизмеге - черный списокко” жети жылга киргизип коюшат. Ошол жети жылда бир да банк каражат беришпейт. Улуттук Банкиын жетекчисине торт жылдан бери кайрылып, берилген наыялардын проценттерин азайтсак элибизге бир топ жардам болмок деп айтып келе жатабыз.
Миллиондоп мамлекетти тоногондор андан эрте эле кутулуп кеткенине канчаларыбыз күбө? Парламенттен коллегаларым менен талкуулап, азыркы 7 жылдык чектөөнү 5 жылга эмес, биротоло 3 жылга чейин түшүрүү сунушталды. Бул биринчи окууда каралгандык, кийинкилеринде депутат-коллегаларым да колдоп беришээр. (Декабрь 2019, ЖК)