2020 234
28.12.2019
Кайран жүрөк...
*****
Жанагы "Жүрөгүм али молодой" деген клипти көрүп алып ойлоп койдум. Эркек үчүн эң апасный орган жүрөк болот экен. Бул орган эркектин мээсин тез эле оодарып, көзүн тескери каратып, көрчү нерсени көргөзбөй, көрбөчү нерсени көрсөтүп, алапайыңды таппай калчу абалга бир заматта алып келип коёт экен. Анан баарынан дагы жашың жетмек турсун давно ашып түгөнгөнөйүн деп калса дагы, чачың түшүп, бетиң бырышып, денең тырышып, башка жериң жыдып түшүп иштебей калса деле болбой эле өкүрө берет экен "Мен али ещё молодой" деп элечи ыйолкиники десе.
***** Ай кайран жүрөк ай, азап эле бир орган экенсиң да!