5455 119
24.12.2019
Айрым адамдардан жакшы из калат жашооңдо. Үмүтүң үзүлүп, ыйлап аткан учурда келет. Даарылайт. Жүзүңдү күлдүрөт. Үмүт берет. Миссиясын бүтүргөн соң, жашооңон чыгып кетет. Сен да бирөөнүн жашоосундагы периштесиң, жакшы миссиясың. Жакшы дегеним жаманы болбойт эч качан. Жүрөгүңдү миң ооруткан күнү да эң сонун сабак үйрөткөн болот. Рахмат айт. ♥ Эски жылда жашоомо кирип, сонун из калтыргандарга ыраазымын. Жаңы жылда жаңы миссиялар менен келе турчуларга жүрөк ачык. Билбегенимди үйрөтүп, билгенимди тастыктатып кеткиле! Кечирдим катуураак сабак берсеңер. Кечирим сурайм көңүлүңөрдү оорутуп алсам . ♥