сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
665  
21.12.2019
2-болук. --Анан кашайып менин бактыма,апамдын жанында тамеки тизген темир ийне туруптур.Чаба берди,туш келген жериме,тура бердим.Качсам,баары бир жетет апам,ото чыйрак болчу.Акыры токтоду.Озу бир нерселерди айтып эле ыйлап баштады,унум чыгарып ыйлаганга,бирин уксам,бирин укпайм,эмнени айтып жатканын тушунбодум....😭.(кана азыр тируу болсо,мындан да каттуу чапса,опмокмун,сагынам сизди апа....😰). Сабагым даярдадым.Баардык жерим ооруйт,ачышат.Карасам каршы,терши издер,колум да,бутум да..😔....Ыссыктын кунуно карабай,жени узун кофта,колготки кийип жонодум.Дуйном карангы.Мектепке барсам,тез эле тараптыр кат,кабар.Кыздар эмес,балдар кошо шылдындашты....😥.Ошол учун ойлойм менин журогум бала чактан жабыр тартып,темам мундуу болуп калганбы?деп....😔. Каникул,уйдо тамеки,жугору,куруч,кызылча,анан огород.Ошентип,кыскасы онунчуну буттум.Ташкентке театралдык институтка чон агам алып жоноду.Отподум,себеби ал жактын талабы озбек адабияттан тапшырышым керек экен.Хамза Хакимзода Ниезийдин "Хиккоялари"деп,тема келди.Билбейм.Кайттык.Агам ошол Ташкентте окуган учун,мени да ошол жакта окуса деп тилек кылган экен.(Ыраазвмын акем,бейиште жургон болун.😰).Огородтогу нокотун сатып,балдарынын ырыскысын мага жумшаган.Журогумдо баары.😔. Эртен Ташкентке учабыз деген куну,мектепте орус тилден берген Рафик деген агайым уйго келиптир. ---Кызыныз аябай тырышчаак,таланттуу,жакшы окуду.Ишенем,кудайым буюрса,мыкты адис чыгат деп,апам менен чай ичип ,тилегин айтып кетти.Чексиз ыраазымын агайыма,ото жогорку тарбияны,билимди берди.Корсо Казань шаарынан бутуп келип,жаны иштеп,ото кучтуу тажырыйбасын,билимин бизге арнаптыр.Эч унутпайм,сиз менин журогумдо,ыйык устат катары жашайсыз.Бир передачадан "Айылга кат" деген беруудо.Мен сизге кат жолдогом,себеби ,менин мугалим болушума,Эл кызы болушума салымыныз чон.Айыл дегенде,сиз кошо келесиз эсиме.Рахмаат,омурлуу болунуз,сыймыктанам. Окууга отпой,айылга баруу,мен учун ото оор болду.Аким акеме айттым,барбайм,иштейм окууга отпосом дедим. --'Анда Жалал-Абадка баралы.Маданият техникумга,угушума караганда,дагы деле кабыл алып жатыптыр.Оттум,окудум.Уйломо аспаптар болумун бутурдум.Аябай жакшы,жаштык кундорум ошол шаарда болду.(уландысы бар)
Загрузка...
1068   77
21.12.2019
Кутман тан досторум!!!Жазмакерлигим куткон досторум учун.Мен уй булодо сегиз бир туугандын эн кенжесимин.Чон эже,агайларым мен чонойгончо эле турмуш куруп,болунуп кетишкен.Мен апамдын кырк жашында торогон кызымын.Эжекелерим менен удаа тороп,ото уялыптыр.Торот уйуно деле озу барып,жалаяктарын даярдап,озу эле которуп чыгыптыр.😥.(Бейишин берсин апамдын).Апам жонундо болок озунчо жазам,журогум чыдабай кетти.Баардык кыздар,балдардай мектепке бардым.Жакшы окудум,активдуу кыздардын катарын толуктадым.Бирок журокто кетпес бир так бар.Уйдо эрке чонойдум,таттуунун таттуусу меники,майлуусу да меники...Бирок,мектепке барсам эле,бир лидер кызыбыз бар,болгону,болгон.Эми бала экенмин да,ошол журогум ооруйт,жалгыздык жанга батат.Ортодо создорду айтып келээр кыздар да бар.Анан сайын чунчуйсун.Балалык таза журогум,мектепке бараарда сыгылат,бирок сабакты калтырбай жакшы окуйм.Кошуп калса менден бактылуу бала жок,бирок ал аз эле болоор эле...😔.Кундордун биринде терезе пардоого 20тыйындан чогултабыз деп эжейибиз айтты.Ал убакта мен чогуумун,биргемин.Уйго келип,апамдын паластын астына койгон тыйынын алып,баардык класка толоп койгом.😊.Анан баягыл лидер кызыбыз эжейге айтты. --Каяктан алдын? --Апам берди.(жалган айттым).Ишенимдуу,себеби мен кыздар менен чогуумун.Ал бакыт мен учун,баарынан кымбат.Узакка созулбады суйунучум. Мектептен эжейим уйго кошо келди.😔.Ошондо 10жашта, 4класс.Апама айтты,4 сом уурдап,пардоого толоду деп.Чогуу чай ичишти,кошуна эле турчубуз 4,5уй нары,мен олтурам кунолуу,Мен эмне учун ошол ишти кылганымды алар билбейт да...Ал уурулук экенин деле билбегем,болгону жакшы корунуп,максат,тилегим кыздар менен чогуу болуу...Айыл жеринде акча деле ото керек эмес,баары даяр.Сут,май,жашылча,жемиш огородтон эле чыгат..Апама ыраазымын,эжейим козунчо эч нерсе дебеди,бирок козунон коруп турам,онбой калаарымды.🥺.Кетти эжейим,апама тыйынын кайтарып....Узатып келди да,бери бас деди.Чачым белиме жетчу,коюлугун айт,ар дайым эки чач кылып оруп берчу. ---Мен кандай жанымды эгоолоп журуп,тыйын кылам.Баарынардын устунду,тамагынды ойлоп....озумо бир жоолук албайм деп,бир чымчып алды..Козум жашы кол.Мени уят кылдын,эми баары соз кылышат.,дагы бир чымчыды,.(уландысы бар)