сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
4115  
19.12.2019 Bishkek, Kyrgyzstan
Достор, я в восторге! Гульзада Рыскулова эжекем башкача концерт берди. Бүгүн биринчи жолу жеке концертине катыштым. Башшшкача эмоциялар, башкача атмосфера болду...🙊😍😍🙊 Бир учурда ордуман ыргып тура калып, чачтарымды нарыыыы-бериии кылып жулкулдатып бийлегим келип кетет... Бир туруп муштумду түйүп жогоруга карай ураан чакыргандай ишарат кылгым келет тура калып...(Айрыкча "Айкөл Манас" "Курманбек" чыгармаларын аткарып жатканда) Өзүмдү араң кармап, колду кызыгыча чаап, жерди тепкилеп коюп отурдум. Кыскасы, укмуш! Жан дүйнөм эргүү алып чыктым! @gulzadaryskulova азаматсыз!!!🔥🔥🔥 _______________________________________ Шеринеден чыгып эле түз концертке жетишип калалы деп жөнөдүк. Баратып @red_rose_bishkek_ букет гүл заказ бердим эле. Биз жеткиче гүлүбүз биринчи жетип калыптыр😇🤗 @red_rose_bishkek_ спасибо за красивые цветы и за быструю доставку! 💐💐💐
Загрузка...
11103  
19.12.2019
Үйдүн жалгыз эрке кызымын. 5 - курсту бүткүчө апамдын коюнунда эмчегин кармап жаттым. Жигит жандап басууга убакыт да, каалоо да болгон жок. Окуш керек болчу. Мектепти экстерно (бир жыл эрте) бүтүрдүм. Олимпиаданын жыйынтыгы мн Университетте бекер окудум. Иштедим. Турмуш курдум. Балалуу болдум. Карасаааам эле жашым өтүп баратыптыр. Жашоодо ойноп - күлгөндү билип, ырахаттанууну да үйрөнүш керек экен. Клуб, караоке, ж.б. көңүл ачуучу жайларды былтыр көрдүм. Айтсам, эл күлөт. Апам жалгыз бакса, бетин жер каратпайын деп аракет кылдым. Жолуман кыйшайган жокмун. Абийирим мн турмуш курдум. Эми эс алып, көңүл ачууга мезгил жетти! Килейген аял болбодумбу! )))Өзүбүз үчүн жашап, өзгөлөр эмне дейт дебей, ырахаттанып, чуркабай, жай басып, терең - терең дем алалы. Бүгүн биздин үй бүлөнү @positano_bishkek италия кафе - рестораны даамдуу тамактары менен коноктоду. Ыраазыбыз!