сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
1000   16
30.11.2019
БИР ООЗ СӨЗДҮН КЕСЕПЕТИ. Бир келин төрөтканадан чыгат.Аны көргөнү келген досу сөз ортосунда күйөөсү ага эмне белек кылгандыгын сурап калат. Келин: - Эчтеке белек кылган жок . Досу: - Ой-ий,кандайча...Ушулбу сенин кадыр - баркың? - деп,келиндин жашоосуна бомбаны таштайт да кетет. Ошондон тарта жумуштан чарчап келген күйөө менен жубайынын ортосунда жаңжал көбөйөт. Болбогон нерседен экөө урушуп-чырдаша турган болот. Ар бир сөзүндө өзүнүн кадырын,баасын ортого сала берген келинди акыры күйөөсү кетирип тынат. Көйгөй эмнеден башталды эле өзү, байкадыңызбы? Келиндин досунун бир ооз сөзүнөн... ___________________________________________ Жаагыңды жап жаман сөздөр чыкпасын Жыргап жаткан жашоолорду жыкпасын Жарты сөзүң жакпай калып уу сымал Жакшылардын жүрөктөрүн сыкпасын... Сүйлөшүү күмүш болсо Унчукпоо алтын болот Акылдуу кеп кура алсаң Ар дайым баркың болот 30.11.2019 Идрис акын
Загрузка...