943 111
19.05.2020
Жаманы да, жакшысы да биздикилер.
2-3 күндөн бери обсервациядан баш тарткан мигранттарды жамандап, урушуп, сөгүп жатасыздар! Алар элин бага албаган, элине шарт түзүп бере албаган “майып” мамлекеттин жарандары. Арга жок жер кесип, Россиянын суугуна тоңуп, үй бүлөсүн багып жаткан мигранттар өлкөгө акча которуп турганда жакшы, чатак чыгарса жаманбы? Ошол мигранттар бүгүнкү коррупционерлердин жүзү! Мына коррупционерлер көрүп алгыла, адамдарды эмне кылдыңар, кандай тагдырга байладыңар! Ал эми оору жугузу, обсервациядан качуу боюнча... Албетте окмот ушундай маселелер чыгаарын алдын алып, тиешелуу катуу чараларды кабыл алышы керек эле! Укпай, баш бербей жатат дешет. Бийлик элди укту беле? Жеке оюм!