980 24
17.05.2020
Апаке! Майрамыңыз менен! "Апакем"
Ааламда бул жашоонун бар экенин,
Адам зат адалдыкка зар экенин,
Аңдатып. Ак-караны алып келген,
Ата-Энем алгач көргөн бала экемин!
Баарына тилегениң бак экенин,
Балдарың сүйлөсө тил, бал экенин,
Балалуу болгон кезде баамдадык,
Бакыттын ана башы бала экенин!
Атакем ар өнөрлүү жан экенин,
Ал экөөң, эриш-аркак жар экениң,
Бир дагы эстебеген күнүбүз жок,
Билсек да, "Ажал", "Өлүм" ак экенин!
Өзүңдөй касиеттүү апаларга,
Өрнөктүү өмүр сүргөн аталарга,
Өлкөбүз сыймыктанат, ар убакта,
Өлбөстүк - Силер берген баталарда!