1658 100
25.08.2020
(6) ЖАКШЫ СӨЗ АЙТКЫМ КЕЛЕТ
Саясатка да саясатчыларга да көп кызыга бербейм. Айрымдары менен мамилем болгон. Аларда достук эмес кызыкчылык жогору тургандыктан, аралыкты сактагым келет. Бирок, бул киши башкача. Көп адамдар сүйлөп алып кийин ойлонушат. А бул адам биринчи ойлонуп анан сүйлөгөн адам. Эмоциясын ичине ката билгендиги менен башкалардан айрымаланат. Айрымдарга окшоп камгактай каалгып экрандан көрүнүп калайын дебей, оор басырыктуу, салмактуу. Кудай акы, бир да жолу дидарлашып көргөнүм жок, сыртынан байкаганым ушул. Бул жолку шайлоодон баш тартканын угуп туура көрдүм. Анткени, азыркы парламент бул инсандын теңи эмес, кадырын түшүрмөк. Биздин коом калыстыкты айта билген аксакалдарга муктаж. Мыктыбек Абдылдаев.