сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
5798   272
10.05.2020
Студент кезимде бир жылга жакын катуу оорудум. Негизи байкасам, катуу стресс болгондо астма кармайт экен. Ооруканаларда жаттым. Эч нерсе жардам бербей койду. Анан Улуттук хит парадка кастингден өтүп кетип иштей баштадым. Эсиме келип карасааам эле, оорум такыр кармай элек экен. Бир жолу дааратканага жетпейм. Төрт аяктайм. Көпкөкмүн. Анда ингалятор дегенди билбейм. Анан эле бир концертке "Алып баруучу жок. Кел тез" деп калды. Эфирге чыга элек кезим. Төрт аяктап аткан мн сахнада шаңшып жүрөм го чиркиндики. Бул психологиялык гана оору экен. Когда надо туруп кетем го!))) Катуу тамашадан соң да, оорудум. Турбай калдым. Аба - дем жетпей, жөргөлөп басам. Ошол учурда Туркиянын бир фильмине тартылып калып, алаксып, айыгып кеттим. Дагы бир стрессте көлдү кыдырып түрк телевидениеси үчүн берүү тартып чыгып кетип, дагы айыктым. Үйдө жатып, бышылдап, бырылдай берип эс ооду. Балам: " Ты так много болеешь. Ты меня пугаешь!"дейт. Алаксыш керек болуп атат. Күнү - түнү жүргөн съемкага алып барып койсо мени азыр. Укмуш сонун образ берип туруп. Бат эле чыкыйа түшмөкмүн. Адамдын ооруларынын баары сарсанаадан, түйшүктөн, кыжаалаттыктан, кайгыдан чыгат экен. Адам сүйүктүү иши мн алек болгондо, иштин процессине терең сүңгүп кеткенде көп кайгы -кападан арылып, өзүн жакшы сезет экен. Китеп жазсамбы же? Карантиндин бүтчүдөй түрү жок. Андыктан ооруп атсаңар, ушундай алаксыта турган жумуш тапкыла. Бат эле айыгасыңар. Баардык оорунун психосоматикасы бар. #жөнэлеойлор
Загрузка...
1888   18
10.05.2020
30 күндө 30 сабак 17-күн АРАМ жана АДАЛ 2-БӨЛҮМ В. КОШ МЕКЕНДҮҮЛӨР Кургакта да, сууда да жашоочу кош мекендүүлөр, мисалы, бака, ташбака, рак, краб, суу жылан, крокодил өңдүү айбанаттар адал эмес. Айбанаттардын жумурткасы менен сүтү алардын эттеринин өкүмүн ээрчийт, этин жегенге боло турган адал жаныбарлардын сүтү менен жумурткалары да адал. Эти арам жаныбардын сүтү менен жумурткалары да арам болуп саналат. Жаныбарларды «БИСМИЛЛА» АЙТЫП МУУЗДОО МАСЕЛЕСИ жөнүндө Алла Таала Курани Каримде мындай дейт: «Эгерде Алланын аяттарына ишенсеңер, Алланын аты аталып (мууздалган) айбандардын этин жегиле». «Алланын аты аталып мууздалбаган айбандардын этин жебегиле. Бул Алланын жолунан чыгуу». Жогорку аяттарда ачык-айкын баяндалгандай «бисмилла» айтылып мууздалбаган малдын этин жешке болбойт, т.а.: • Бир айбан эң оболу эти желчү адал айбандардан болсо; • Ислам эрежесине ылайык мууздалса; • Мусулман адамдын колу менен мууздалса гана эти желет. Ошону менен катар жалпылай көз караш боюнча еврей жана христиан диндериндеги «китептүүлөр» аталган адамдардан кай бирөөсү жагынан мууздалган жаныбарлардын да этин жешке болот. Бирок исламдык таза жашоодо «шектүү нерселерден сактануу» маселеси да негизги орунда тургандыктан мүмкүн болушунча этият болуу, б.а., жебей эле коюу купталат. «Бисмиллах» айтылып же айтылбай мууздалганы белгисиз айбан-малдардын эти жөнүндө да так ушул мамилени кармануу зарыл. Ханафийлер боюнча «бисмиллах» айтууну унутуп калып мууздалган малдын этинде маселе жок. Бирок мууздаган адам атайылап «бисмиллахты» айтпай койгон болсо ал малдын эти халал болуп эсептелбейт. ЗАРЫЛЧЫЛЫК жана АРГАСЫЗДЫК АБАЛДАР ЖӨНҮНДӨ Ачкачылык жана суусоо жөнүндө өлүп калбаш үчүн жанын сактагыдай өлчөмдө жеп-ичүү ар бир адамга парз. Адамдар ушул чектин ичинде гана намаз окуп, орозо кармап, ибадаттарын аткарганга жетише алары белгилүү. Ал эми жеп-ичкенге адал бир нерсе таба албаган адам арам нерселерден өлбөй жанын сактап калгыдай өлчөмдө жеп-ичсе болот. УЛАНДЫСЫН ОКУҢУЗ... 10.05.20 ИДРИС АКЫН
3343   44
10.05.2020
30 күндө 30 сабак 17-күн АРАМ жана АДАЛ 1-БӨЛҮМ «Бир адам Алла элчисинен: «Мен парз намаздарды окуп, орозо кармап, адалды адал, арамды арам деп кармансам, мындан башка эч нерсе кылбасам, бейишке киремби?» деп сураганда, Алла элчиси: «Ооба» деп жооп берген (Муслим). Алла Тааланын буйрук жана тыйымдарына жараша аракет жасоо, ошол өлчөмдөр боюнча өмүр сүрө билүү – Алла Таалага болгон ыймандуулуктун, аны менен болгон байланыштын өзгөчө белгиси. Адам алдына келгенди, колуна илингенди жей бербөөсү, балит, өлүмтүк, башкалардын акысы кошулган жана динде тыюу салынган нерселерден алыс болуп, адамдык баркын сактоосу керек. ЭТИ ЖЕЛЧҮ АЙБАНДАР Бардык диндерде эттерин жешке боло турган жана болбой турган айбандар жөнүндө өкүмдөр табылат. Пайгамбарыбыз (САВ) да Алла Тааланын ага билдирүүсүнөн улам кээ бир айбандардын этин жешке болбосун мусулмандарга үйрөткөн. Эми эти адал айбандар: А. КУРГАК ЖЕРДЕ ЖАШООЧУ:  Кой, эчки, уй, топоз, төө, коён, тоок, үндүк, каз-өрдөк  Аркар, кийик, жейрен, жапайы уй-топоз жана зебра өңдүү жапайы айбандар.  Көгүчкөн, таранчы, улар, кекилик, бөдөнө, чыйырчык, балыкчыл өңдүү канаттуулар.  Тырмак жана чеңгелдери аркылуу ууланган аңын мыкчып тытпай турган, өлүмтүк жана балит нерселерди азык катары колдонбогон бардык жапайы канаттуулар.  хадисте атайын өкүм келгендиктен чегиртке адал болуп саналат.  Жылкынын эти 4 мазхаб боюнча адал. Б. СУУДА ЖАШООЧУ АЙБАНАТТАР Сууда жашоочу айбанаттардан балык түрүндөгү бардык деңиз жаныбарларынын этин жегенге болот. Ошону менен катар биз деңиз жаныбарларын төмөнкүдөй эки топко бөлүп кароого акылуубуз: 1) Балык түрлөрү: Балыктын бүткүл түрлөрү адал. Балык түрлөрүндө «аккан кан» болбогондуктан атайын муздоо маселеси керек эмес. ханафийлердин пикири боюнча өзү өлүп калып, суунун бетине калкып чыккан балыктарды жешке болбойт. 2) Балык түрүнө жатпаган суу жаныбарлары: Мидия, бака, краб (рак) өңдүү суу жаныбарлары ханафийлер боюнча адал эмес... УЛАНДЫСЫ БАР..... (сүрөт өткөн жылы Рамазанда УММА журналынын диалог ооз ачарында тартылган) 10.05.20 ИДРИС АКЫН