сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
10843   113
09.05.2020
Чоң атам... Азыр ойлоп көрсөм кыргыз дөөлөтүнүн өзүнчө бир энциклопедиясы экен. Тарыхты, санжыраны, салтты, адепти, динди, мамилени, эң башкысы тоголок жетим чоңойгондуктан турмушту терең билчү. Ок жамгырдай жааган согуштан аман келгенине чексиз шүгүр. Беларусь фронтунда кыл чайнашкан майданга кирип эки жолу ок тийип, катуу жараат алган. Ошого байланыштуу мыйзам боюнча согуштан бошотулган экен. Бирок, “Улам арыз жазып суранып жатып кайрадан фронтко киргем” деп калчу жарыктык. Ошол бойдон согуш аяктаганча колунан куралын таштаган эмес. Бомбабы же гранатабы, айтор жарылып, денесине кирген темир чачырандылары өмүр бою кыйнады. Карылыктан улам арыктап, көк тамырлары көрүнүп калган колундагы бөлтөйгөн темир сыныгын мен да далай жолу кызыгып кармагам. Жаштыгында операция кылып алып коюу сунушу айтылса, эчтеме эмес деп көктүгүнө салып макул болбой койсо керек. Күн суукта кээде өзү айткандай “осколка сыздаткан" колун ушалап, кыйналганын билдирбөөгө тырышып, эрдин кымтып бир топко отурчу. Колунда чоңоюп, тарбиясын татып, жан дүйнөсүндөгү жана акылындагы ошончо кенчтен үлүш алып калганыбызга канымет. Чоң атам тууралуу бир аз гана “Ант” романында жаздым. Каармандын чоң атасынын прототиби өз чоң атам - АДИ АКНАЗАР уулу. Жаныңыз бейиште болсун, ылайым, менин каарманым жана баатырым. Бүгүн сиз жана сиздин замандаштар канын төгүп, жанын садага чаап жеткен жеңишти майрамдап отурабыз... Ушул мээнетиңерди актап, татыктуу урпак болсок экен! 9-май, 2020-жыл
3172   43
09.05.2020
30 күндө 30 сабак 16-күн 16 мүнөт ойлонолу .............. Балам үчүн жашап жатам-деп, балаңды кошо бактысыз кылып жатасың... ............. Балдарыңар ата-эне бактылуу болмоюнча чыныгы бакыттын даамын сезбей жашайт... ............. Үй-бүлө урушкана эмес... ............. БАЛДАРЫБЫЗ БИЗДЕН ӨТҮШҮ КЕРЕК! Доцент шакирт профессор устазына: - устаз, биз сиздин жарымыңызчалык болсок кана эле! - деген эле, устаздын ачуусу келип ушундай деди: -эй Мурат! Сен менин жарымым, сенин шакиртиң сенин жарымың болсо, акыры ортодо эч нерсе калбайтко! Балам сен менден өтүшүң керек!... Үй-бүлөлөр да ушундай болуусу керек. Ата-энелер да ушинтип ойлонуусу керек. Апасы баласына: "атаңдан көрө көбүрөөк окугун, балам! Себеби перзенти ата-энесинен ашпаган улут алдыга өспөйт!...." .................... Баланын эң керек болгон муктаждыктарын аткарбоо канчалык туура эмес болсо, алардын ар кандай каалоосун аткаруу да ошондой эле ката болуп саналат... .................. БЕЙИШ ЭНЕНИН ТАМАНЫНЫН АСТЫНДА Бир аял казыдан сурады: "Эмне үчүн биз күйөөлөрөбүзгө баш ийүүгө буюрулганбыз. А күйөөлөрүбүз бизге баш ийүүгө эмес". Казы аялдын өзүнөн сурайт: "Канча перзентиңиз бар?". Аял: "Үч уулум бар", деп жооп берет. Казы: "Аллах таала сизди бир эрекке баш ийүүгө буюрду, бирок ошону менен бирге үч эркекти сизге баш ийүүгө буюрду. Алар сиз ыраазы болбосоңуз бейишке кире албайт. Эми өзүңүз айтыңызчы, кимде артыкчылык бар экен, аялдардабы же эркектердеби?!", деп айтты. Ошондо ал аял: "Мени мусулман кылып жараткан Аллахка мактоолор болсун!", деп шүгүр келтирди... 09.05.20 Идрис акын
Загрузка...
24944   1350   44710
09.05.2020
Альхадая кара зире– иммунитетти көтөрүүчү эң пайдалуу өсүмдүк болуп эсептелет. Ал холин (В4), токоферол (Е), РР, К, С витаминдери жана фолий кычкылы (В9), бета-каротин, филлохинон, карвон, марганец, калий сыяктуу адамдын организмине керек болгон элементтерге бай. Мекени Египет болгону менен Араб өлкөлөрүндө күнүмдүк тамак-аш, дары-дармекте өтө көп колдонулат. ‼️Пайдалуу касиеттерин санай кетсек: —Кара зире ишке болгон жөндөмдүүлүктү жана жашоо тонусун жогорулатат. —Суук тийгенде жана ревматизм оорусуна чалдыкканда. —Теринин абалы начарлаганда —Кара зирени колдонуу жиликтин чучугу иштелип чыгышын жана иммундук системанын жашоо үчүн маанилүү болгон клеткаларынын иштелип чыгуусун жөнгө салат. Муну Түштүк Калифорниядагы Рак-иммундукбиологиялык лабораториянын изилдөөчүлөрү расмий түрдө далилдешкен. —Кара зире рак шишигин дары-лоочу жана алдын алуучу идеалдуу өсүмдүк болуп эсептелет. Бул жөнүн-дө катталган фактылар да бар. —Кара зирени колдонуу кандагы канттын деңгээлин эң сонун төмөндөтөт —Ичөткөк болуп, диарея болгон кезде, ошондой эле, заара чыгарууга байланышкан ооруларга дабаа болчу каражат катары колдонулат. —Кара зиренин майы – жылан чакканда, ууланууга каршы эң сонун каражат. —Лимфа түйүндөрүнө жакшы таасир этип, анын азайышына өбөлгө түзөт. —Чачтын өсүшүн калыбына келтирип, агарып кетишине каршы да колдонулат. —Кара зирени тамырлардын толуп калуусун дарылоодо да колдонуп жүрүшөт. —Бул өсүмдүктүн көңүлдү тынчтандыруучу касиети бар, нерв системасына жакшы таасирин тийгизет. —Кан айланууну жакшыртып, беттин түсүн оңойт. —Кара зире майы тамыр ооруларын, анын ичинен унутчаактыкты жана баш мээнин тамырын дарылоодо күчтүү таасир берет. —Бөйрөктөгү жана табарсыктагы ташты майдалап, сыртка бөлүп чыгарат. —Бала эмизген аялдын сүтүн толуктайт. —Ичтеги мите курттарды сыртка айдап чыгат. —Майды денеге сүртсө, сөөлдү кетирет. —Сасык тумоону, жөтөлдү, демиккенди, сарыкты, тукумсуздукту дарылайт. Кара зире майынын булардан башка дагы көптөгөн касиеттери бар. ♦️Халал ♦️Тастыкталган 💯 ♦️Сапаттуу ♦️Таза ♦️Ото пайдалуу 0777378000 (WhatsApp) 0990746000 (Чалуулар) 0500746000 (WhatsApp Россия) 🔗@alhadayakg 🔗Alhadaya.kg #каразиремайы #каразире #маслочерноготмина