сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
404   6
07.05.2020 Biskek , Kyrgystan
Түш- өңүндө көрө албаган уйкудагы көз ирмем. Далай убакытты ичине камтыган түштү көз ирмемде көрөт экенбиз. Мен, күндө түш көрөм. Бирде жакшы, бирде жаман. Кээде кубанып ойгонсом, кээде чарчап ойгоном. Түштүн бир артыкчылыгы, оо дүйнө кеткен жакындарыңды жанынан көрүп, кадимкидей сүйлөшкөнгө өбөлгө түзөт. Бала кезимде уйкудан туруп-турбай апама көргөн түшүмдү айтып берчүмүн. Бул адатым эле. Кандай түш көрсөм да, жообу "Жакшы болот" эле. Ошол сөздү угуу ырахат тартуулачу. Аны, "түштүн моюну кылдай ичке, кайда буруп, кандай жорусаң, ошондой болот" деп түшүндүрчү. Эми ыраматылык апам жок, бирок аны менен ар дайым түшүмдө кездешем, баарлашам. Бүгүнкү күндө бир нече түш көрсөм да, унутуп калчу болдум. Кээде өзөгүн эле эстеп калам. Түш жоруганды билгендер, алдына жазып калтыра кетиңиздер. Кандай түш көрсө, кандай болот?👇👇👇 #сон #просон #сонниконлайн #сонник #үмүтайабдышова #умутайабдышова #түшкөрүү
Загрузка...
473   12
07.05.2020
Кандай гана кубанычтуу кабар!!! Карантин башталгандан тартып «Апам жана мен» ыктыярдуу тобу оз жардамын муктаждарга берип келе жатышат. @altynai_narbaevaofficial эжекебиз баш болгон @t_sagynbaev_official , @sagyn_ergeshov_ канат болгон топко бир гана алкыш создор татыйт!!! Бугун болсо «Апам жана Мен»дин эн чон уулу @ernis_borubaev_official мына ушундай сыйлык менен сыйланды! Эн эле татыктуу кадам дем ойлойм! Анткени озунуздор байкагандай эле @ernis_borubaev_official агабыздын инста баракчасы озунчо эле социалдык тематикадагы теле-передачага эле айланып калгандай! Ар кандай тагдырларды чагылдырып, жардам корсотуп , аны коруп башкалар да колдон келген жардамдарын (телевизор , холодильник, акчалай, продукты) жеткиришип жатышты! Баракелде!!! Адам менен адамбыз деген ушул болсо керек! Элибиздин бычакка сап уулдары, кыздары кобойо берсин , ылайым! @ernis_borubaev_official сыйлык кут болсун !!!