сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
2227   168   67560
06.05.2020
Айылдын дагы бир түйшүгү, бул ар жазда - эчки тароо. Аксыда "тыбыт" деп коёт. "Эсиң болсо эчки бак, эчки тууйт эки улак"- дегендей бу жаныбарың тоо таштын макулугу экен. Улактарын көрсөң мынча сулуу болбосоң коё кал дейсиң. Айрыкча тың, шок, чунак кези, мүйүзү баш баккан убагындагысы көзгө сүйкүмдүү. Корооңо кирип көчөттөрүңдү агала кылып кажып кеткенде көрүпсүң. Бала кезде көп эле кой эчки кайтардым, кезүү дегени да бар, кезектешип. Таенем экөөбүздүн бирде көбөйүп, бирде азайган кашка токолдорубуз болоор эле. Шыйрактан тартып таенем отурган жерге сүйрөп келем, саайт эле ыраматылык. Эчкинин сүтү да "мазза" болот. Уюган айраны өзгөчө. Эртең менен айдап, кечинде издеп балалыгымдын бир үзүмү өттү. Алыстан эле "ыргыта" тааныйт элем.Тапкан күнү оюнум канганча ойноп, таппай калганда жамгырларда, туманда, кара күүгүмдө шолоктоп ыйлап, издеген күндөрүмү айт. - Мал жоголгончо сен жоголбойсуңбу - деген сөздү уккандар болсо керек араңарда. Айылдын карапайым күнүн кечирген, тоо койнунда жашаган элден айлансаң болот. Бул кызды караңызчы. Эчки тараганын көрүп, кечээ өткөн "бир кокуч" балалыгымды, көп жакшы элестерди эске салды. Ата - энесине балли дедим. Бактылуу бол карындашым!!! @sezima_almazbekova .
Загрузка...
349   31
06.05.2020
"Чырай жүздүү" Алгачкы концертимден бир элес. Ал мезгилде бүт кийимдерим өзгөчө болуш үчүн өзүбүз дизайндарын ойлоп таап, тиктирчүүбүз. Эсимде тигүүчүлөрүбүз "Элдер кантип кабыл алаар экен" деп суроо берчүү. Буюрса элиме жагат, баары жакшы болот, ниетибиз эстраданы өнүгүп өстүрүү. Кийин бир убакыт келгенде тарыхта из калтырган адамдардан болобуз дечүм. Балким ушундай кыйынчылыктарды баштан өткөрүп, өзгөчөлүктөрдү жасайбыз деп олтуруп элдин оозунда "Жаш ырчылардын көч башы" деген наамын алгандырбыз. Кандай болсода, мен үчүн ар кандай мамлекеттик наам, сыйлыктардан да элимдин сүйүүсү, колдоосу, сый урматы, алкышы жана сын-пикири кымбат. #ретрофото #ретро #темирназаров #temirnazarov #2005 #кыргызстан #кыргыз #вовремяконцерта #сцена #стиль #одежда #эстрада #начало #шоубизнес #жигит #улуттукдрамтеатр #бишкек #чырайжуздуу #чырайжүздүү #ыр #песня #певец #староефото #носталгия #носталжи #молодость #жаштык #жаштыккез