316 9
05.05.2020
Бүгүн Конституция күнү!
Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгон күнү эле анын Баш мыйзамы жазыла калган эмес. Өзү эгемен болгону менен өлкөбүз Конституцияны 3 жылдан кийин гана кабыл алды. Дээрлик үч жыл башкы мыйзамы жок жашаган Кыргызстанда бул укуктук документтин кабыл алынышы тарыхый дата – 05.05.1993!!!
Бирок кол тийгис болгон Баш мыйзам канча жолу оңдолуп, канча жолу түздөлдү… Тактыга отурган ар бир ажо өзүнө ылайык Конституция жазууну салт кылып алганына коомчулук күбө. Азыр да андай аракет болбойт деп ким кепилдик бере алат? Бир гана нерсе кубандырат, дүйнөнүн саясий картасында Кыргызстан деген көз карандысыз мамлекет бар экени жана аны башка өлкөлөр тааныганы.
Конституция күнүңүздөр менен, эгемен элим🌺