сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
95   0   414
30.04.2020
Ийгилик сага Нузупбек молодец 👍💪 Салам достор! Бул күн мен үчүн жашоомдогу дагы бир абдан маанилүү күн болуп калды 🙏🏻 Кубануу менен жүрөгүмдүн музыкага толгон бир бурчун сунам. Ишенем, сизге дагы жагат деп. Баардык колдоо көрсөткөн чыгармачыл алптарга ыраазычылык билдирем. Сыйым менен Сиздин, Нүзүп! Доброго времени суток, дорогие друзья! Сегодня один из самых особенных дней в моей жизни🙏Рад представить вашему вниманию мою первую песню, куда вложил частичку себя, душу и любовь. Очень надеюсь, что песня найдет отклик в ваших сердцах. Так же благодарю каждого, кто принял участие в создании этой красивой истории любви. Прошу любить и жаловать. С добрыми пожеланиями и глубоким уважением Ваш, Нүзүп. ___ 1-май, саат 17:30 биринчи болуп @kyrgyzstan_obondoru жана #YouTube каналынан уга аласыз 🥳 ___ Созу: @akbar_kubanychbekov Обону: Азат Жумабеков Аранжировка: Мирлан Ниязов Запись/сведение: @eka_music Бэк вокал: @bek_israilove / @aiganyshabdievaofficial Гитара: @kolutii
Загрузка...
8947   527
30.04.2020
Бул посту жазышым жазбашымды билбей баштадым Урматтуу чыгармачылыкта жургон менин коллегаларым Он кун болбой экинчи чон онор ээси, курч калемдуу акындан айрылып калдык. Албетте элибизде соз бар, «олгондун озунун шору деген», балким туурадыр. Бирок, бул эки жоготуу тен орду толгус болуп турбайбы. Элмирбек, Зайырбек экоо тен эми бышып, такшалып, акылына кирип, элине шедеврлерди тартуулайт турган учуру эмес беле. Балким дуйнолук денгээлдеги чыгармаларды жаратышмак... Ооба, буга чейинки чыгармалары деле элибизде классика болуп далай кылымдар жашаары шексиз, бирок белдери эми катып, кучко толгон кездеги дагы улут унгусуна айланаар чыгармаларын укпай калбадыкпы Ким куноолу? Элби? Мамлекетпи? Жок Бул эки иним мени чырмалган ойлорго салып кетти, муунумду калтыраткан кайгыга батырып кетти Азыр экоо тируу болсо, экоону тизип алып, озунорду карагыла, ден соолук баарынан улук, спорт менен машык, прафилактикалык дарылануу жасап тур деп урушмак элем. Жараткан да каранганды карайм, сактанганды сактайм дейт экен. Жузго чыгалы деп аткан жокпуз, ошол эле 70,80 жаш буйрусун, ташта калемди, тоого чык, журокту эсалт, нервди эс алдыр демек элем. Демек элем, бирок ал экоо жок эми... Ооба, чыгармачыл адамдын ич дуйносу башкача. Тез таарынат, тез эле болбогон нерсеге капа болот, кулку менен ыйдын ортосундагы чел кабыгы ото жука. Орусча айтканда депрессияга да ото уязвимый калк экенибизди окумуштуулар айтып журушот Озунорду карабайт беленер Элмирбек, Зайырбек...? Албетте эми бул создорду укпайсынар, мен кеч айтып, канырыгым тутоп олтурам. Бирок, бул создорумду азыркы аманчылыкта жургон менин ини карындаштарым угуп, куржунунарга салып аласынар деп ишенем Душманынды женем десен, андан узак жашап гана женаласын. Мен курактуу онорпоздор 90- жылдары эл аралап, тоо аралап, ысык суукта калып коп ден соолук жоготконбуз. Эми да болсо озунорду карагыла коллегалар. Ал эми азыркы заманда эч кайсы онорпоз 40 жашында олгонго акысы жок Тирилик кылам десен тугонбойт, жумуш олгондо гана бутот. А омур, ден соолук табылбайт Баарыбызга кудай ден соолук берсин, оорубагыла, ооруну жолотпогула Кош иничектерим, баарыбыз бара турган жайга кеттинер P. S. Достор, бири бирибизди тируулукто баркташалы