сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
4794   142
25.04.2020
Бул сүрөттү Какунтайымдын (ортодогусу, эң кенже сиңдим) узатуу тоюнда түшкөн элек. Андан кийинки сүрөт болсо үйлөнүү той күнкү сүрөт. Эки күндө тең Какуга макияжды мен жасап берген элем. Ошол кезде аябай макияжга кызыгып үйрөнүп киришип баштаган учурум эле. Өзүмчө кыйын болуп, "смело" эле жоопкерчилик алып жасап алып, менден күчтүү визажист чыгат окшойт деп ойлоп алыпмын. Көрсө Какунтайым өзү эле табияттан сулуу турбайбы 😅 Өзүмү жасасам анча болбойт, Какуга жасасам эле сонун болот, ошондон улам сезип калдым 😅😅😅 Бүгүн ушул красоткабыздын туулган күнү 🤗 @a.kanulya өздүк майрам кут болсун, дорогушам😘 Уланчик менен узак өмүр бактылуу өмүр сүргүлө! Силер ошондой бакубат жашоого татыктуусуңар! Көп балалуу болгула! Силердин сүйүнгөн гана жүзүңөрдү көрүп жүрө берели 🤗😘💐 @zhakypova.klara апоу, бизди ушундай сиңдилүү кылганыңызга рахмат 🤗 😘 _________________________________________ @myskal_hair прическалар тааныш болуп жатабы? 😊😇🤗😘
2237   193   44691
25.04.2020
Өткөн жумада он чакты депутат каршы болгонуна карабай буудайды ташып келүүгө жана ун өндүрүүгө кошумча нарк салыгын алып салуу боюнча мыйзам 3 окууда кабыл алынды. Бирок президент муну азыр артка кайтарганы туура болот. Анткени, азыр Кыргызстан бүт Эл аралык финансы институттарынан каражат сурап жүрөбүз, а өзүбүздүн өндүрүшчүлөр төлөчү анча-мынча салыктардан баш тартуу туура эмес. Дал ушул тапта бул мыйзам керек, бир жарым жылга иштесин, абалдан чыгып алганча. Бирок демилгечилер ун магнаттарын колдоп, НДСти 2025-жылга чейин бошотуп салбадыбы. Бул биздин эле ун чыгаргандардын эмес, Казакстандык ун өндүргөндөрдүн кызыкчылыгы болушу да толук мүмкүн! НДСтен бошотолу, азыр ун өндүргөндөр бутуна турсун, бирок эмне үчүн алты ай, бир жыл эмес, 5 жыл? Атамбаев президент кезинде бул мыйзам казынага 1 млрд сом түшүрбөйт деп айткан, депутат Кенжебек Бокоев 680 миллион сом зыян келет деп жүрөт. Бери дегенде заманбап 12 жаңы мектептин акчасы. Ушуну ЖК колдоп берди. Демилгечилер болсо НДСти албасак контрабандисттер гана утуп жатат дейт, НДСти албай туруп контрабандисттерди тыюу керек эле четинен. Ун ташыган 15 контрабандистти өкмөт жакшы билет. Бул жолу ун чыгаргандар көп келип, мындай мыйзамдар колдоо тапсын, эмкиде кенчилер келсе, анан буларды көрүп казиночулар келсе, аягы эмне болот лоббинин? Бюжет татыш деп коюп, биягынан кайра жайлап аткан учур иши кылып.
Загрузка...