сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
3568   599
23.04.2020
Коронакризис. 30-апрелден баштап жашоо кандай нукта уланышы керек жана насыялар тууралуу Мен туура бир ай мурун, 23-март күнү өкмөткө сунуш жаздым эле. ЖКдан да сүйлөгөм, МВФтен, дүйнөлүк банктан акча алалы, тышкы карызды төлөө мөөнөтүн узартууну сүйлөшүү зарыл деп. Бир тобуңар акча бербейт дедиңер, мен берет дедим. Мына, МВФ азыр жалпысы 240 млн доллар бөлдү, АБР менен 100 млн. доллар боюнча сүйлөшүлдү, Дүйнөлүк банктан 12 млндон ашуун, ЕБРР, ИБР ж/б болуп жалпысы ЖАРЫМ МИЛЛИАРД доллардай сумма карызга акча табылып жатат. Эң башкысы "Чоң жыйырмалык» (G 20) жакыр өлкөлөрдүн тышкы карыздарынын төлөө убагын бир жылга токтотмой болду. Бул 76 өлкөнүн катарында биз да барбыз. https://www.france24.com/en/20200415-covid-19-g20-endorses-temporary-debt-standstill-for-the-poorest-countries?fbclid=IwAR0TiePB6h77Gn5Elwksb0-0RmGIOEXo81w3DBdgQybku_zaZs843m74rlw Эми Кытай сыяктуу өлкөлөргө быйыл төлөй турчу даяр акчабыз да колубузда калды. (36 млн доллар). Казакстан сыяктуу биз да бери дегенде 500 000 үй-бүлөгө 5 миң сомдон болсо да жөлөк пул берип турушубуз керек болчу, ушул сунушум өтпөдү. (Казактар 90 доллардан 3 млн жаранга берди)Аны жасай албады, анын ордуна азыраак ун, макарон, май жана чай берүүнү чечишти. (аны да мэрлердин атын атап, партиялардын аттарын атап берип кошоматчылар иттей эле элди жийиркентти). Жеке менчик деген шылтоо менен квартиранттарды чыгарбай туруу чечимин да кабыл алышпады, бул боюнча дүйнөнүн көп өлкөлөрү чечим кабыл алганына карабай. Эми 1-майдан кийин дагы узарса, тейлөө кызматтарында иштеп күнүмдүк акча тапкандарга дагы оор албетте, квартира акысы жүрөктү өйгөн чоң маселе болот. Эми Орусия, Казакстан баш болуп карантинди узартып жатышса, абал анча жакшы эмес, демек бизде да узартуу чечимин кабыл алышат. Анан эмне болот? Ушинтип Эл аралык каржы институттарынан каражат чогултуп жүрө беребизби же ошол түшкөн акчаны элге, ишкердикке берип баштайбы? Тез арада каражатты элге бериш керек, пайызын тактап туруп, чакан жана орто бизнеске да банктар аркылуу 1-майдан тарта кредиттерди берип башташыбыз шарт. 30 млрд дефицит деп жаттык эле, бул кетиште сырттан алчу каражат 1 млрд долларга жакындачудай болуп турат. Эми карызды төлөө узарып жатса>>>
588   16   11650
23.04.2020
Саламатсыздарбы! Мен Айнура Салахидинова жана ашкана сырларынын блогери Акзуура Бекерова экөөбүз "Кайрымдуулук " аттуу ГИВке спонсорлорду чакырабыз!!!🤗 📉 Сиздерге 20-25 К катталуучу катталат деп үмүттөнөбүз. ⌛ Старт: 30 АПРЕЛЬ! 💰 Кошулуу баасы: 4000 СОМ, биринчи болуп кошулган 40 спонсорго 3500 сом) Өлкөдөгү оор абалга байланыштуу акчалай 250.000 сом ойнотобуз.💰 Эгер көп подписчиктерди чогултууну кааласанар , биздин уюштуруучуга кайрылыңыздар. Ал эми 15.000 катталуучуну убада кылабыз. ➕ активдүүлүк жакшырат! ➕ инстаграммдагы топ аккаунттардын катарына киресиздер! ➕ аккаунтуңуз реклама болот! ➕ Синдин брендиңиз жана сиз элге таанымал болосуз! ГИВтин узактыгы 14 күн. Гив башка блоггерлер жана Кыргызстандагы чоң таанымал пабликтердин жардамы менен өтөт. Старт 12 күндүн ичинде башталат, азыр алдын ала предоплата менен месталарды бронь кылабыз.😊 📞0704659339 @ainura.salahidinova_official @akzuura_bekerova
Загрузка...
9206   300
23.04.2020
Жети жаштамын анда. Эртең мн үрүл таңда туруп, мектепке даярданабыз. Чачымды өрүп беришет үйдөгүлөр. Форма - фартугумду кийип, дептерлеримди салыштырат. "Ата - энем мени мектепке эмнеге ээрчип алат өзүм килейген кыз болсом? !" деп үйдөгүлөргө эки күндөн кийин уруксаат бербей койдум. Таң сөгүлө элек кезде үйдөн чыгам. Дамбада жашайм. Мектебиме чейин жөө бассам жарым саат - кырк мүнөттө жетем. "Дружба" деген сумкамды асынып алып, тепейип жөнөйм. "Ж" тамгасы орусча окулаарын кайдан билейин?! Кыргызча окуй коюп, үйдөгүлөрдүн кыраан каткырыгына калгам. "ЖУК ЖУЖИТ"тин баарын кыпкыргызча эле окучумун. "Дагы окуп койчу? " деп суранышат. Эмнеге каткырып, жыргап атышканын түшүнбөйм же? Кайра окуп берем. Ошол үрүл таң, жалгыз баскан жолдор дагы эле эсимде. " Бирөө жыга чаап кетет!" , "Сүйрөп кетет" деген түшүнүк жок болчу. Ал тургай "Ит каап алса эмне болот?" деп тынчсызданган болгон эмес. Иттерде деле ыйман бар окшойт! ))) Ошол таңдардагы башкалардан өзгөчөлөнгөн эң жарык, чоң жылдыз эстен кетпейт. Чолпон жылдыз экөөбүз тиктешебиз кечке. Көзүмдү жумуп алып Жараткан мн сүйлөшөм. "Мен деле ушундай чоооң жылдыз болсом ээ?"дейм. Башкаларга окшошкум келчү эмес. Эстеп алып, менин кыялым, каалоом, максатым ошондо эле калыптаныптыр деп таң калдым. Азыр да асманды карасам, балачагымдагы сырдашым өзгөлөрдөн өзгөчөлөнүп биринчи чыгыптыр. Жарыктыгын, сулуулугун айт! Көр тирилик мн алпурушуп жүрүп, унутта калган экенсиң го?! Мен чоңойдум. Ал ошол бойдон. Чыгармачылыгымдын эми гана башатында тургандай сезим келет. Балачагымда кыялдангандай мен дагы чоооң жылдыз болуп, бир күнү бадырайып тураармын ээ мекенимдин тарыхында? ♥ #жөнэлеойлор __________________________________________ Сүрөтүмдү телефондон колго тарткан @aigerimrabota2020 чоң рахмат! Колуңа береке! Ушинтип жасатып алсаңар болот.