сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
10647   75
23.04.2020
Бүгүн 23-апрель ЭЛ АРАЛЫК КИТЕП КҮНҮ. Жаратканга шүгүр, кыргыз жаштары арасында китеп окуу модага, трендге айланып барат. Жети дубаныбыздын алыскы айылдарына, керек болсо генералдар энесин ээрчитип кире алгыс жабык аскер бөлүктөрүнө чейин китепкөйлүк дух жайылды. Берлин паркында, Чикагодогу аянтта, Токиодогу аллеяда, Москвадагы скверде, Египеттеги Нил дайрасынын жээгинде кыргызча китеп окуп отурган кыргыз жаштарынын соцтармактардагы сүрөттөрү көргөн көздү кубантып турду. Китепке талап өскөн сайын китеп дүкөндөрү нөшөрдөн кийинки козу карындай көбөйдү. “Шанс”, “Жамгыр”, “Шам”, “Маңыз” ж.б.басмалары ачылып, эбактан басылбай эстен чыгып бараткан улуттук адабияттын классикаларын шакылдатып чыгара башташты. Орто мектептерде бир кезде рекеттик кылган тентектер авторитет болгон доор бир жылда 70-80 китеп окуган Батырдай балдар кадыр-барк сересин багынткан заманга ордун бошотту. Китеп кыймылынын жайылышы, китеп агымынын күчөшү ал тургай Жогорку Кеңешти бул темага бурулууга мажбурлады. Ошентип, биз быйылкы китеп күнүнө өзгөчө дем, ири ийгилик, өрнөктүү амалдар менен келдик. Биз бул жылы китеп сүйүү, китеп окуу жагынан КМШда алдыга суурулуп чыктык. Биз алдыдагы китеп майрамын ооз учунан гана даңазалабастан, эң сонун демилгелер, изги иштер менен тосуп жатабыз. Тагдыр экен, азыр ааламды каптаган апаат оорудан сактанып карантинде отурабыз. Болбосо, көпчүлүктүн күчүн, каражатын эле эмес, жүрөгүн, акылын жана мээримин бириктирген “Китепкөй өлкө” идеологиясынын күрдөөлү дагы далайларга угулуп калмак. “Мен үчүн майрам бул – күнөө жасабай өткөргөн күн” деген экен бир даанышман. Майрамдарды оюн-зоок уулап, ичимдик ичип, пайдасыз кеп сүйлөп өткөрбөй, айып-күнөөдөн аруу болууга маани берип, өзүбүз менен кошо өзгөлөргө пайда жеткирип, кубаныч тартуулап белгилейли. Башкага пайда жеткирип, кубандырган адам өзү сөзсүз кубанычка бөлөнөрү талашсыз акыйкат. “Алгандын колу, бергендин жүрөгү толот” деп бекер айтпайт акылман элибиз. Бул күнү китеп белекке бермей акциясын өткөрмөкпүз. Бирок, пандемия шартында мындай кылуу мүмкүн эмес. Ошондуктан, окуган китептерибиз тууралуу социалдык тармактарда пикирлерди бөлүшүп, бири-бирибизди китепке тарталыып! Майрамың менен, #КИТЕКӨЙ_ӨЛКӨ!
9584   240
23.04.2020
"Бир каалооңду аткарам!" деген сыйкыр болсо ушул доорго кайрылып, жок дегенде бир күн жүрүп келмекмин. Ар биринин сырын чубап, интервью алмакмын. Эс тарткандан бери эңсегеним ушул. Бир укмуш "Легенда" доору өткөндөй сезим. Дөө - шаалардын баары ушул доорго кептелип калгандай туюлат. Сабира Күмүшалиевадай болгум келчү. Ал катышкан кинолорду оозум ачып, элирип көрөт элем. Кино жаатына , театрга болгон болуп көрбөгөндөй сүйүүм ойгонду алгач. Алардын сүрөтүн көргөндө, театрга киргенде кадимкидей демим токтоп калат. Ал тургай алар баскан жер да өзгөчө көрүнөт. Сугумду артып, алар жөнүндө баарын билгим келген кооз дүйнө бул. Сапаттуу, таланттуу адамдардын баары бир эле мезгилде жашап, дүңүнөн кетип калгандай туюлат. Азыркы доордун деле өз мыктылары бар, бирок аларды сезбей, туйбай келатабызбы деп коем. Урпактар бизди кандай муун деп атап, кандай баа берет болду экен?
Загрузка...