сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
7764   0
21.04.2020
Түшүмө чындап кирдиңби досум, Түгөнөр кезди билдиңби досум. Түйшөлтүп сени ызгаардуу дүйнө, Түбөлүк жайды сүйдүңбү досум. Кучактап жыттап албайт бир белем, Кууратар күндү ким билди досум. ⠀ Катылган сырлар бир эле досум, Казына ырлар миң эле досум. Өнөрдүн анык тулпары элең, Өзүңө жетчү ким эле досум. Өкүрүп турам өзүмө келбей, Өкүнтүп кеттиң чын эле досум. ⠀ Табылбайт кымбат сага кеп досум, Тагдырым экен санаа көп досум. Суйкайган кыздар, балдарың кантем, Сурашса атам кана деп досум. Өзгөлөр билбес кадырдын баркын, Өзүмдү кошо ала кет досум. ⠀ Жан дүйнө калды термелбей досум, Жашайбыз эми сен келбей досум. Эш тутуп залкар билчү эле калкың, Эшмамбетти көргөндөй досум. Токтобойт көз жаш кабырга сыздап, Токтогул кайра өлгөндөй досум. ⠀ Ойлоруң тунук накта эле досум, Обонуң муңдуу башка эле досум. Көөнөрбөс өнөр сендеги бүткөн, Көрүнүп турган кашка эле досум. Кылымды көрөр алтындай башың, Кырк эки гана жашта эле досум. ⠀ Замандын айткан чындыгын досум, Санатың жашайт миң кылым досум. Жылт эткен өмүр биз да бүтөр, Жылмайып күтүп тургунуң досум. Коштогон арман кургурум досум, Кош эми Элмир булбулум досум...
3817   165
21.04.2020
Элмирбек ага айла жоктон коштошууга аргасызбыз,🥺 жаткан жериң жайлуу болсун.🤲🥺Жаннатың бейиштен болуп,🤲 булбулуңду бейиштен тап🤲.🥺 Мезгилдин агымында калдактап, Мен да,сен да,ал карбаластап. Агып бара жатабыз кайда,кайда.... Асыл,асыл күндөрдү чаң таштап. Көр тирлик эй көргө көр жетеленип, Көрө албастык,ач көздүк ,теберлик. Көмкөрүлүп турса да үстүбүздө, Көрбөй койдук, көрмөксөн кете бердик. Жалганынан чындыгын айрый алгыс, Оо, не деген өмүрсүң? кайрый алгыс.! Ийинибиз тийишип турган менен, Ийин сооруп баратат жалгыз,жалгыз.... Пенде экенбиз кантели өлүп-талып, Периштесин пейилдин көмүп салдык. Басып жүргөн боюнча өлүп калдык, Байкабайбыз ошого көнүп калдык.... Алганыбыз көп болду беребизби? Келген жээкке кетирдик кемебизди. Күүгүм кирип келетат мен жалгызмын, Күн чыкканда биз чогуу келебизби? Ар адамды ар жерде арал кылып. Арабызды коюлайт караңгылык, Табыша албай калганча үн каталы. Таап алалы адамды адам кылып. ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ.
Загрузка...