сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
12709   151   64399
16.04.2020
Ассаламу алайкум Кыргыз элим 🇰🇬 Протеинден батон-бул булчуң чыгарам деген инсандарга же болбосо салмак кошууга эң ыңгайлуу жана тез белок алууга мүмкүнчүлүк. Дайым машыгуу менен алек болгон инсандарга көп көлөмдө булчуңдук салмак керек мындай айтканда белок. Силерге протеинден жасалган ушундай батон сунуштайбыз. Россия , Казакстан жергесиндеги мекендештер , силерге бул жакшы мүмкүнчүлүк. Магнит, Пятёрочка жана Карусель соода сатык дүкөндөрүнүн борборларынан сатып алып Протеинден батон сатып алып сүрөткө түшүп мени жана өнөктөшүм @leonid.katz деп белгилеп койсоңор. Мен өзүмдүн историяма силерди белгилеп киргизем. Анда эмесе кеттик туугандар. протеиновые батончики – быстрый и удобный способ получить больше протеина, который поможет нарастить мышечную массу. Те, кто интенсивно тренируются, нуждаются в большем количестве белка. Всем своим соотечественникам , которые проживают на территории России , Казахстана советую эти самые бомбовые батончики. Покупайте в магазинах Магнит , Пятёрочка и Карусель. Сделай селфи с батончиком отметь меня и @leonid.katz. Мы соответственно вас отметим и закинем вас в сторис.
Загрузка...
1675   24
16.04.2020
MegaCom компаниясы карантин убагында үйлөрүндө болуп, аралыктан окутуу жолу менен билим алып жатышкан студенттерди да колдоону чечти жана алар үчүн «MEGA студенттер үчүн» акциясын ишке киргизди.💚 ⠀ ✅ MegaCom байланышына кошулуп, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын билим берүү сайттарына, KelBil жана Google Classroom сервистерине кирүү үчүн акысыз жетки алыңыз. Үйдөн чыкпастан эле окуу материалдарын колдонуп, жаңылыктардан артта калбай, маанилүу маалыматтарды алып, жана да бөлүшүп турсаңыз болот. ⠀ Кеңири колдонулуучу тиркемелерде баарлашуу жана көңүл ачуу үчүн акысыз интернет-трафик каралган: ⠀ ▫️WhatsApp; ▫️Instagram; ▫️TikTok. ⠀ 📲Дүйнө жүзүнүн көңүл борборун коронавирус тууралуу түрдүү маалыматтар ээлеп турган учур. Өзүнө көңүлдүү маанай тартуулап, бош убактысын кызыктуу өткөрүүнү кааласа, студенттер «MEGAСтудент» акысыз топтомунда төмөнкү оюндар үчүн бериле турган акысыз интернет-трафикти колдоно алышат: ⠀ ▫️PUBG Mobile; ▫️Garena FreeFire; ▫️BrawlStars; ▫️World of Tanks Blitz; ▫️Dota 2 жана Dota Underlods; ▫️Clash of Clans. ⠀ ▶️ Балансы нөл жана нөлдөн төмөн болгон абалда MegaCom студент-абоненттерине күн сайын түйүн ичинде 10 мүнөт акысыз байланыш берилет. Топтомду кантип кошуп алууга болот? ⠀ ❗️Топтомду үйдөн чыкпастан эле кошуп алсаңыз болот. Болгону WhatsApp аркылуу 0 999 12 00 00 номерине табыштама калтырыңыз. Билдирүү төмөндөгү маалыматтарды камтуусу керек: ⠀ ▫️Аты-жөнү; ▫️MegaCom номери (топтом кошула турган); ▫️Университеттин аталышы; ▫️Тайпа; ▫️Студенттик билеттин же китепченин сүрөтү. ⠀ Бир күндүн ичинде сизге кошуу үчүн нускама жөнөтүлөт. Табыштаманы каалаган мобилдик операторлордун номерлеринен калтырууга болот. «MEGA студенттер үчүн» акциясына кошулуңуз да, жакындарыңыз менен чектөөсүз баарлашыңыз, убактыңызды көңүлдүү өткөрүңүз жана билим дүйнөсүнө саякаттаңыз! MegaCom ар дайым сиз менен!
11899   449
16.04.2020
"Али жаш" - аябай ишенчээксиң. "Бакта батинке өсүп атат" десе деле "Кана?" деп издеп жүргөн болосуң. Ар бир адамды өзүңдөй таза ойлойсуң. Кылган аракетинин баарын чын дилден деп билесиң. Интуицияң кыйкырып атса деле укпайсың. Акылга саласың. Акыл болсо, али чийки кез. Жакшы сөз айтып койсо эле жүзүң албырып, элеп - желеп болуп, толкунданасың. Мындай учурда турмуш куруу аябай бат. "Ык - бык, сен чык! " деп коюп кура беришет. Эмоция жакшы иштейт. Сүйүп калуу өтө бат кез. Сүйбөй калуу, "Көңүлүм калып калды" деген да тез. Чечим ойлонбой чыгарылат. "Карышкыр кезиң" - бир турмушту көрүп, балдарың көк чөп болуп чыгып калган кез, же далайды тегирменден өткөрүп, даамдап көрүп, карт бөрү болуп жүргөн кез. Ар бир жылмаюунун артында эмне жатат көз караш сенден эмне каалап атат, ар бир сөздүн капталында кандай ой бар таамай окуп турасың! Көзүнүн тереңинен ал кандай адам көрөсүң. Интуиция да, акыл да жетилген кез. Логика өзгөчө укмуш болот. Оңой мн жемиңди жедирбей каласың. Бул учурда турмуш куруу (эгер ажырашкан же кура элек болсо) оңой эмес. Жытын жыттап, даамын даамдап, чак келеби, келбейби, сүйлөгөнү ордундабы, жокпу, эмнени каалап атат окулуп турат. Жети өлчөп бир кесесиң. Эмоция отурукташкан. Далактабай каласың. Сүйүү оңой мн келбейт. #жөнэлеойлор Сиз кайсы мезгилиңиздесиз?