сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
9857   187
09.04.2020
Бул менин 1 - класска бараткандагы сүрөтүм. Делодо ушул сүрөт кыстарылып турчу. Бул сүрөттү бир нече жолу тартканбыз. Окшобой атат деп сүрөтчү мойнумду түздөп эси оогон! Аягында оңдолбосуна көзү жетип ошол бойдон берди. Ичимде ушул кыз жашайт. Ушул жашта. Кичинекей, үркөк, эмнегедир капаста, ыйлап, жалгыз турган элеси келчү. Анткени оюм, боюм баары сырт дүйнө мн алпурушуп, ичимдеги Назираны , мендигимди жалгыз, карабай таштап коюптурмун. Бакытты, сүйүүнү кайырчыдай көрүнгөндөн тиленип жүргөн учурда алардын казылып бүткүс кени ичибизде болот экен. Кээде жаның жай албай, тынчтыгыңды издейсиң. Качып кеткиң келет баарынан. Көрсө, тынчтык ичиңде экен. Назирага жарык тийгизе баштадым. Маал маалы мн кучактайм. Көп жыл камап койгонум үчүн кечирим сурайм. Таарынгандарды, таарынткандарды кечиребиз, кечирим сурайбыз. Жакшы көрөм сени дейм. Тынчтык келе баштады. Мурункудай жулунбай, сүйүү тиленбей калдым. Ушул Назиранын көңүлүн алып, экөөбүз бири бирибизге мээрим төгүп, гармониябызды орнотуп алсак, бүтүн дүйнөгө сүйүү, мээрим чачабыз. #жөнэлеойлор
646   0
09.04.2020
Жакшы нерсенин баары күттүрбөстөн кокустан келгени жакшы. Мына так ушул сүрөттөгүдөй кокустан тартылган сыяктуу... Мисалы, ырыскың кокустан келсе, сен күтпөгөн жерден чоң суммадагы пайда көрсөң, сага бирөө күтүүсүздөн айфондун акыркысын белекке берсе, иштеген жериңден үй белек кылып калса же бир сатып алган бензиниң үчүн машине утуп алсаң, ээн талаадан алтын таап алсаң, сага досторуң күлүк ат мингизишсе, балдарың эс алуу үчүн Дубайга жолдомо беришсе эки-үч күн эңги-деңги болуп жүрөөрүң шексиз. Бирок, бир нерсени билүү зарыл! Ошолордун баардыгы сүрөттөгүдөй болуп эле калып кетет. Анын баары убактылуу. Аны менен эле бардык маселең чечилип кетпейт. Кайра эле көр тирилик. Андан көрө акырет үчүн пайдалуу иш кылалы! Алланын алдына кичинекей папкебиз менен баралы! "Кана, эмне кылдың?"- десе, папкебизди ача салып "ушул иштерди бүтүрдүм" дегенге. Жараткан Алла Таала мени жакшылыкта жарышуучулардын алдында кылсын!!!!
844   0
09.04.2020
Мекендештерибиз олкобузго кайта албай аэропорттордо, эптеген бир жайларда кун кечирип жатышат. Окмот бир кичине конул буруп койсо жакшы болоор беле дейм. Бул мекендештерибиз тыйын табалы, уй-було багалы деп мажбур болуп кетишкен да бир чети. Эми аларды да жумуштан чыгарышып салган чагы....Озубуздо жашоо жыргал болсо булар деле балдарын кучактап, ата-энелери менен чогуу жашамак да. Баары баягы кор тириликтин айынан болуп жатпайбы. Кээ бирлери келечек учун окуганы кеткендери бар, ал студенттердин да абалы жакшы эмес...Мекенибизге кайтып, текшеруудон отуп, изоляцияда жаткырылса болоор бекен? 🙁 Башка олколор жарандарын болушунча алып чыгып кетишип жатышат. Ичин куйот, боорун ооруйт аэропортто кун кечирип жаткан кээ бир мекендештерибизге. Эч эле болбой баратса жакшы иштеп, бутунан туруп калган ( бизнесмен, кыргыз уюмдар, диаспоралар) мекендештер ушундай кырдаалга тушкондорго жардамга келууго мумкунчулук бар болду бекен? 🙏 Элчиликтерге созум жок 🤦‍♀️ Сабыр ...сабыр...жана дагы сабыр.....#кайтып#кел#кыргыз#мекенге
Загрузка...