сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
18981   757   140573
08.04.2020
Бугун аябай жакшы кун болду, анткени 30 уй- булоого продукты жеткирдик. Бул жакшылыкка озунун салымын кошкон @cosmetolog_aziza сизге рахмат! ❤️ Жалгыз болгонума @cosmetolog_aziza чалып «Мен менен кошо кайрымдуулукка кошуласызбы» десем ,бат эле маакулдугун берди! 😍 Билем,айтпа дегенсиз ! Жон эле мен ыраазылыгымды айткым келди!😘Адамдар аябай ыраазы болушту. Но оно того стоит!❤️ @elimbarsynby_osh жана мененин агаларым Аллах ыраазы болсун силерден. Коп тукурсо кол болот деген чын. Адамдар свежжий лепёшка жаап таштап кетип жатты,таркаткыла деп.Бироо картошканы каптар менен алып келип . Бечаралар чай ичпей, ачка эртеден кечччке чейин жугуруп журушту кыскасы браво!👏👏👏Бир жактан суйуном, бир жактан ыйлагым келип турдум! 😔 Жардам сураган уй-булоо аябай коп!!!Достор , эгер мага кошулам десениздер дайректке кайрылыныздар !!! Бирге таркатабыз!!! Кыргыз элибиздин конулуно жылуулук,жузуно жылмаюу тартуулайбыз!!❤️❤️❤️
Загрузка...
1451   58
08.04.2020
*Бул кыска өмүрдү сый менен өткөрөлү.* *Бүгүнкү адам эртең топурак.* Бир үйдө канча жан болсоң, бири-бириңе коноксуң. Сыйлашсаң тирүүңдө сыйлаш, өлгөндөн кийин ыйлаганда не...? *Тирүү адамда мүмкүнчүлүк көп болот.* Андыктан жытта, сүй, кучакта, аярла, бооруңа кыс...!Ар мүнөтүңдү жакындарыңа арна. Бул дүйнөдө эч ким түбөлүктүү эмес. Аллах убакыт берди.Таарыныч, иренжүү, наздануу - булар эч убакта бүтпөйт..эгер сен бүтүрбөсөң. Ар жолукканыңда "бир күнү жоготуп алам го" деп кучагыңа кыс. Коштошкондо да "башка көрүшпөй калсамчы" деген ой менен коштош!Сезимиңди- ал сага канчалык кымбат экенин билдир. *Убакыттын да,  адамдардын да кадырына жете бил.* Жаман көргөн адамыңа өлгөнчө өчөшүп жүргүдөй ал шайтан эмес. Же сен, же ал биринчи кетет. Ошондо өкүнүп калбай тургандай бол. Жакын адамдарыңды баалай бил. Ал бүгүн бар болуусу мумкун, эртен бар болуусу мүмкүн. Кийинки күнү бар болобу жокпу, белгисиз... Кийин ал сенден алыстап кетсе, саныңды чаап калба. Жакындарыңды сагындыңбы, бар дагы кабар ал. Изде, сагынып кеттим деп айт..."Ата, апа...сиздерди жакшы көрөм!" - деп күндө смс жаз. Сезимиңди убагында айтып үйрөн, кийин кеч болуп калбасын үчүн. *Акча, атак-данк, мансап,  байлык, сулуулук, машине,  кымбат сотка, кымбат кийим...булар негизгиси эмес. Эң негизгиси - ата-энеге, бир туугандарга, перзенттерге, башка дагы жашоодогу жакын адамдарыңа деген сезим...* *Сезим - бул жакшы көрүү, сагынуу, издөө, жактырган адамыңа кабатырлануу ж.б. ушинтип кете берет. Сезимсиз өмүр - текке кеткен өмүр.* *Бул жашоодо акчабыз көп болгондон көрө,  жыгылганда жөлөй турган, ооруганда күйө турган, ыйлаганда соорото турган, кайгырганда жаныңда тура турган, кыйналганда көмөктөшө турган жан-күйөөр жакшыларыбыз көп болсун!* *Адамдарга эмне берсең, алар сага эки эсе кылып кайтарат. Дилиңдеги өзүмчүлүктү тый!* *"Жазса өзү жазсын, издесе өзү издесин!Мени эч ким издебейт, мен эмнеге аны издешим керек?!" - дейсин, билем...* Сенин бир ооз жылуу сөзүң анын бүтүндөй жашоосун өзгөртүп жиберүүсү ыктымал. Барды баалай билели, бул өмүр камчынын сабындай кыска. *Ушул сөздөрдү окуп жаткан Силерди мен аябай жакшы көрөм!*