13154 1366
08.04.2020
Кайрымдуулук хайпка айланып кетти. Негизи бирөөгө көмөктү жөн эле ар бир адам жүрөгүнөн чыкканы үчүн, жардам бергиси келген үчүн, өзү үчүн кылат жана ал отчет өзү үчүн керек. Оң колуң бергенди сол колуң билбеш кк делинет го? Жашаган жерин, балдары мн тизип алып, өзүн тартып, "Ушунун колунда жок экен анан мен кыйраттым" деген видеолор бирөөнү басмырлап, өзүн бийик даражага чыгаргысы келип аткандай сезим келет. Баскан турганына чейин фото, видео кылып, анан камерага роль ойноп кажети канча? Элге аябай көрүнгүң келип атса, ыр айтып, же ырдап чыкчы, байболгур! Ал кычырап, жанындагылар эки көзүн жалтыратып, жупуну турат сүрөттө! Азыркыларды таамай сүрөттөгөн сүрөт экен...