сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
4442   91
07.04.2020
2-бөлүк Аты жаман коронавирус оорусу Кыргызстанга да жетип келгенине экинчи аптага баратат. Адегенде, өкмөт бир балээ болуп вирус таркап, эл-журтубуз бөөдө кырсыктын азабынан азып-тозбосун деп мурда таризделген оюн-зоокторду, жыйындарды, ал тургай майрамдык салтанаттарды токтотту. Мектептерди, окуу жайларды карантинге жапты. Анан бала бакчалар убактылуу ишин жыйнаштырды. Теле-радиодон, интернеттен “Сактанганды сактайм деген, жөнү жок эле эшикке чыга бербей үйдө калыңыздар. Канчалык көп баарлашуу, карым-катнаш болсо, вирус ошончолук тез таркайт. Абайлаңыздар!” деген маанидеги чакырык менен кимдер гана чыкпады. Сөзүн калкы кастарлап угат деген эл жакшыларынан, айтылуу аалымдардан баштап, жаштар кумир туткан шоу жылдыздары менен спортчуларга чейин ушул маалыматтык өнөктүккө жандуу катышты. Байкуш, дарыгерлер “Биз силер үчүн жумушка чыктык, силер биз үчүн үйдө отуруп бериңиздер!” деп кан какшап суранып жатышат элибизден. Бирок, кайран энөө, кенебес кыргыз карантинди каникул деп ойлоп көчөдө көйкөлө сейилдегенин, бапырап бала ойнотконун койбоду. Супермаркеттердеги балдар аянтчалары адамдын көптүгүнөн шакардай кайнайт. Базарларда болсо карантин учурунда ачарчылык айттырбай басчудан бетер адамдар ун, күрүч талашканы таң калтырат. Эки адамдин биригүүсү опурталдуу болуп турган шартта миңдеген кишилер аламан улак тартышкансып продукт үчүн кызыл-чеке болуп, бири-бирине шилекейлерин чачырата бакылдашып жүрүшөт. “Бир кезде акыркы жылкысын, соңку согумун мурда-кийин эгерим көрбөгөн, таптакыр тааныбаган кудайы коногуна кубанып союп берчү бийик, айкөл, даанышман элдин урпагы, минтип “Кулдун мекени – курсагы” дегенчелик деңгээлдин ороосуна оңкосунан түшүп баратканына кантип арданбайсың да кейибейсиң? Ушинтип жатып эпидемияны таркатып алышса, тоңколош атып жүрүп топ жарып сатып алып ичкени иримге, жегени желимге айланарын неге ойлошпойт? Элүү кило ун алам деп ошончо адамга вирус жармашса эмне болору оюна да кирбеди го кайрандардын. Эрежени да, мыйзамды да, бийликти да уруп ойнобогон ушундай ээнбаш эл болуп баратабызбы? Оору коркунучун, керек болсо өлүм тооруп турганын капарына албаган калайман, милиция менен прокурорду, министр менен акимди кайдан тоготсун. Уландысы ⬇️⬇️⬇️
Загрузка...
17712   1089
06.04.2020
Үй бүлө куруу жөнүндө ойлонгон кыздарга кеңеш: 1. Айланада бекер кеңеш бергичтер өтө көп. Ээрчиме болуп, ар бирин ээрчий берсең, көкмө болосуң. Бир гана жүрөгүңдү тыңша. 2. Физикалык гана жактан жетилүү жетишсиз. Моралдык, руханий, психикалык жактан жетилүү кажет 3. Өзүн тапкан гана адам түгөйүн бактылуу кылат. Өзүңдү таба элек болсоң, ашыкпа. 4. Турмуш кураардан мурун билим алып, бир иштин башында тур. Эртеңки күнүңө кепилдик жок. Кандай гана сыноо келбесин, өзүңдү өзүң багып кете алгандай бол. 5. Турмуш сага оюнчук эмес. Жеңил ойлуу караба. Бир тандаган адамың акыреттик болуусу кажет. Ошон үчүн көзүң жетип, жүрөгүң макул дегенге бар. 6. "Атам айтты, апама жакты" деп тие бербе. Аны менен сен жашайсың. Алар эмес! 7. Акчасына эле карап тийбе. Акчадан алдыңа төшөк салып берсе да, сүйүү болбогон жерде жылуулук болбойт. Сүйүү деп итке минген бирөө мн да баш кошпо. Тукумуңду уланта турган ишенимдүү жер болушу керек. 8. Тие турчу адамың акылыңдагы эрежеге төп келип, бирок жүрөгүңө төп келбей жатса, жүрөгүңдү тыңша. 9. Кандай болсоң, ошондой жүзүңдү көргөзгөндөн уялба. Рекламадагыдай сонун боло берип, тийгенден кийин чыныгы жүзүң ачылса, көпкө турбайсың ал үйдө. 10. Бакыт эле күтө бербей, бакытты бергенди да үйрөн. #жөнэлеойлор