сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
4974   271
15.07.2020
Ковид-19 деген илдет менен алышып жаткан дарыгерлерибизге, жардамдашкан кызматкерлерге, волонтер болуп чуркаган жаштарга, кол сунган ишкерлерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиремин. Жакындарын, дос-курбуларын жоготуп, жүрөгү сыздап турган мекендештерге көңүл айтамын... Окуп жаткан туугандарга - сак болгула, #БарБолгула! ❤️💚 В это сложное для всего мира время, хочу выразить слова благодарности борющимся с пандемией врачам, помогающим сотрудникам, спасающим волонтерам и поддерживающему бизнесу. Примите мои глубочайшие соболезнования те, кто в этой войне с коронавирусом потерял родных и близких, друзей.. Желаю всем пережить это тяжелое время, пусть вселенная слышит как можно меньше слез от боли потерь.. Берегите себя, пожалуйста! 😘 P.S. Заказанные в конце июня 10 кислородных концентраторов, по прибытию в Бишкек, переданы Сокулукскому району.
Загрузка...
5850   260   28202
15.07.2020
Караңгыдан кийин күтүп таң турат, Капалыктан кийин күтүп шаң турат. Туман таркайт, кара булут жазылат, Аркасынан Ай, Күн тиет жаркырап. Аары чагат, чаккан менен бал сунат, Нанга айлантыш үчүн буудай жанчылат. Эртең бышып, шилекейди агызчу, Мөмө бүгүн көкмөк, ачуу – кам турат. Кар кеткен соң байчечекей баш багат, Каптабаса жалын бышпайт аш-тамак. Суктандарган сулуу сарай тургузуу – Чалчык кечип, жер көөлөөдөн башталат. Сынактардан мээнети жок өтпөйсүң, Ашыгыңа азап тартпай жетпейсиң. Ашуу ашып, кезермейин чөл кезип, Көксөп жүргөн көркөм жайга көчпөйсүң. Жазда келген чабалекей кушундай, Жакшы күндөр келет бизди утурлай. Жакут, алтын жатат ылай астында, Жашообуздун мыйзамы дал ушундай! Курсагы ток баркын билбейт машактын, Сабырсыздык башаты бүт чатактын. Түшүндүргөн көп нерсенин кадырын, Сабагы мол, балким, келген апааттын. Көрүп жатып бешенеге жазганды, Унутпайлы чилдеден соң жаз барды, Ыйман сактап, сабыр кылсак, буюрса, Жакшы күндөр келерине аз калды! Нуржигит Кадырбеков 14.07.20, 14.29 .
1042   53   9011
14.07.2020
Кылым карыткан КЫРГЫЗ тарыхта далай сыноолорду башынан кечирген... Бирок, биринде дагы башын салып, тизе бүгүп, мизи майтарылып, багынган эмес! Кыргызстаным - жаныңда сени чын дилден сүйгөн, ар бир тоголок ташың үчүн жанын садага чапканга даяр уул-кыздарың турганда, кандай кыйынчылык болбосун бир муштумдай түйүлүп, жеңип чыгарынан эч кам санаба! Сенин жаркын КЕЛЕЧЕГИҢ үчүн биз дайым биргебиз! Бизди бир гана максат бириктирет, ал - Кыргызстан!🇰🇬 Жаша менин мекеним! Жаша менин сүйүктүү КЫРГЫЗСТАНЫМ!!! “Адамга-адам керек” сөзү:Акбар Кубанычбеков обону:Султан Садыралиев Аткаруучулар: @sultan_sadyraliev_official @bek_israilove @guljigit.kalykov @gulnursatylganova @omar_zhanyshov @anjelika_kairatovna_official @i_am_johnny__ @asko_anarkulove @altynai_narbaevaofficial @azat_raimberdiev @kural_chokoev @tolgonai_arzykeeva @urmat_usenov @avazakimov_officiall @aiganyshabdievaofficial @toktobek_asanaliev_official_ @aiperikubikkyzy @maxsadyrbekov @maks.begaliev @nurmat_sadyrov @yulia_rutskaya @nursultan_azykbaev @kudaiberdi_aitbosunov @cholpon_talipbek @akbar_kubanychbekov Ыраазычылык: Оператор, монтажёр @erik_bektemirov Yн жаздыруучу студия @luckyguy_beatz Виолончель @artur_soulsinger Фото жана видеостудия @rawstudio.kg Колдоо корсоткондор @nurlan_mamakeev @sulaimanov.fotograf @madaniyat_min_kg