5678 308
02.04.2020
Бир белгисиз номурдан " Балаң экөөң канттиң? Иштебесең же..." деп телефонума санаа тарткан, камкордугун көргөзгөн кат келди. Аял экенимди, алсыз экенимди, жардамга муктаж боло турганымды такыр унутуп калыптырмын. Мээме жеткенден кийин эреркеп ыйлагым келип кетти. Даттанайын десем, баары жакшы, жетиштүү, курсагыбыз ток. Көңүлүм жайдары. Ал тургай болуп көрбөгөндөй жан дүйнөмдө тынчтык, балкып турган бакыттын сезими бар. Бир эле сүйлөм. Тынчсызданган досторум деле бар дечи, бирок бул сүйлөм башкача тийди. Көзүмөн жашым тегеренип кетти. Балким өзүмдү анын көзү мн сырттан карап, аяп кеткен чыгармын. Ким билсин? Ал - акыбал сурашып туралы. Азыр эң эле маанилүүсү ошол. #жөнэлеойлор
"Жардам керек болсо, жаз. Сен мага абдан керексиң!" дептир жарыктык...