сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
305   14
01.04.2020
Бугун 1-Апрель менин суйуктуу Атакемин туулган куну! 🎂🎂Атам-менин бейишим, ырысым, жашоодогу куч кубатым, жологум, мени колдоочум,менин демим. Мен сизди жакшы кором. Мага берген Насаатынызды, мага берген тарбияныз, жарык жашоо бергенинизге ыраазымын🙏🙏сиз болбосонуз мен кайдан. Омурунузду бизге арнап оз мээнетиниз менен бизди багып чонойттунуз. Апам экоонуздорго таазим кылам🙏🙏🙏♥️Турмушка туз кара башынды котор☝️ак мээнет кылып нан таап жэ☝️кызым. Кыз деген бироонун булосу, барган жеринен от болуп куйуп, кул болуп чык. Кайната-Кайненени сыйла. Ошондо гана биз сага берген тарбиябыздын таасири тийиптир деп ыраазы болобуз-деген создорунуздор али да кулагымда. Сиздердин башыныздарды жерге каратпайм буйруса🙏Сиздердин берген насаатыныздарды омурумун сонуна чейин унутпайм Ата-Апа. Омурунуздор узун болсун, Оорубаныздар, ар-дайым улуунуздун урматын, келининиздин колунан чай ичип, Куйоо баланыз-кызыныздын сыйын коруп, небере жытына мас болуп биздин мандайыбызга бар болунуздар! Оздук майрамыныз кут болсун Атоу😘🙏🙏🎂🎂🎂🎂🎂🎂🎂🎂🎂🎂🎂🎂🎂🎂
Загрузка...
934   216
01.04.2020
🤦‍♀️ Бүгүн, 31-мартта Саламаттыкты сактоо министрлиги Ысык-Көлдүн Түп районунда эки жарандан коронавирус чыкканын кабарлады. Turmush агенттигинин маалыматына караганда, 1981-жылы жана 1985-жылы туулган эки жаран Индияга дааватка барып келишкен. Алар Дели—Бишкек каттамы менен 22-март күнү «Манас» аэропортуна келип конушкан. Ал жерден текшерилген соң, обсервацияга алынып, 2 күн жатышкан. 24-мартта обсервациядан чыгышып, үйүнө сапар алышкан. Ошол эле күнү алар Балыкчы шаарына чейин кичи автобус менен келишкен. Унаанын ичинде 15 адам болгон. Эки жаран Балыкчы шаарынан түшүп, таксиге олтурушкан. Жолдон таксиге дагы бир жүргүнчү олтуруп, ал Ысык-Көл районунан түшүп калган. Эки тургун саат 03:00 чамасында айылга келишкен. Эртең менен ФАПтын кызматкерлери аларды текшерүүгө алганда биринин дене табы 37.5 болгон. Алар райондук координаторго билдирип, ыкчам штабдын чечими менен ал жаран обсервацияга алынган. Андан анализ алынып, бүгүн, 31-мартта коронавирус инфекциясы тастыкталган. «Текшерилгенден кийин алар обсервацияга алынган. Алдын ала алынган анализде коронавирус илдети аныкталды. Булар менен биринчи байланышта болгон жарандын баары обсервацияга жаткырылды. Биринчи жарандын үй-бүлөсүндө 5 адам, экинчи адамдын үй-бүлөcүнөн 7 адам көзөмөлгө алынды. Ошондой эле, Балыкчы шаарынан бери алып келген таксист дагы 4 үй-бүлө мүчөсү менен обсервацияга жаткырылды. Ошондой эле таксиде алар менен бирге келген жаран аныкталды. Кичи автобуста бирге келген 15 кишинин тизмеси облуска жөнөтүлдү. Ошондой эле «Манас» аэропортунан түшкөндө Бишкектин автобекетине чейин алып барган таксист да аныкталды. Алардын ар бири анализ тапшырды», — деп билдиришкен агенттикке райондук администрациядан. Ошондой эле, учурда Балбай, Кең-Суу айылдары, Түп районунун эки көчөсү курчалганы айтылат.