сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
3949   166
27.03.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Телефон чукулагандан деле жадап баратасыздарбы?😊 Каякты карасаң эле "аты өчкүр" вирус чыгып эле. Билиндирбей эле психикалык жактан дагы ала баштаптыр. Лечение алып жаткан эжем жакшы болуп келди бүгүн үйгө. "Кечээ бир вирус жөнүндө видео көрүп алып, жаман болуп чыктым, жүрөгүм лакылдап..." дейт. СТОП!!! Достор! Психологиябызды сактайлы! Жагымсыз маалыматтардан өзүңүздөрдү сактаңыздар! Стресске түшүп кетпеш үчүн өзүңүздөргө жаккан жумуштар менен алек болуңуздар! Кыймылсыз жата бербеңиздер. Кылаарга жумуш жок болуп жатса, интернеттен спорт көнүгүүлөрүн таап жасаңыздар! Же болбосо бийдин түрлөрүнөн тандап алып үйрөнүңүздөр. Иши кылып позитив тартуулай турган нерселер менен алек болуңуздар! Кудай буюрса, бул күндөр да өтүп кетет! 🤗 Божурашып, жакшынааа болуп үйдө отуруп туралы, бири бирибизди алаксытышып 😁🤗 Эртеңден баштап темаларды тандап алып талкуулап, сүйлөшүп, ой бөлүшүп дискуссия баштасакпы? Кандай темаларды сунуштайсыздар? (Пайдалуу, позитивдүү темалардан)