сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
467   23
24.03.2020
Бугун невропатологдо болдук. Баары жакшы деди. Эми эмдоону коркопой ала берсек болот. Оз ишинин мыкты адиси Гульзарга керектуу кенештери учун раазычылык! Айла жок ушундай маалда бала менен эшике чыкканга туура келди🤷‍♀️ кудай сактасын оорудан🙏 Коронавирус тууралуу окуяны соссуз окуп коюнуз, керек болот👆 💉💉💉💉💉💉💉💉💉💉💉💉💉💉💉💉 Германияда бир түрк байке учурдагы актуалдуу болуп жаткан вирусту жугузуп алган. Ал башынан өткөндөрү менен бөлүшкөн. Алгач паникага жол бербениз,өткөн жумада бул илдет менен ооруп, алпуруштум, учурда жакшымын, азыркы тапта өтө корко тургун жагдай жок. Башыман өткөндөрдү сиздерге айтып берүүнү туура көрдүм, башыңызга келсе кандай абалдар күтүп турганын билиңиздер жана үй бүлөө кары-картаңдар болсо алардын коркуп-чочулоосун каалайт элем. Эгерде дале болсо тоготбой жаткандар болсо. Өткөн жума күнү кечинде үйгө келгенде башталды. Ал кеч мурундун буткөнү жана тынымсыз чүчкүрүүгө туш болдум. Бир учурда эле мурдуңуз бүтүп, тамагыңыз кысылып күчөтүлгөн түрдөгү аллергия болгон сыяктуу. Ал түнү Otrivinден мурдума сээп,мурдумун бүткөнүн ачып,бир таблетка Nurofenden ичип уктадым. Ишемби күнү эрте менен турганда мурдум ачылып бирок тамагым күйүп жаткандай болуп ооруп жатты. Тамактын миндал шишиги сыяктуу эмес,жуткунганда көйгөй жок,бирок тамагым сызылып,айрылып, канап жаткандай ооруп жатты. Бул этапта коронавирусу экенин түшүндүм. Бул учурдан тарта интернеттен,өзгөчө чет элдик булактардан издеп маалымат топтоп баштадым. Негизи эле коронавирусу экенин билбей калуу мумкун эмес,анткени сиз жана сиздин организмиңиз өзгөчө башка бир нерсе менен туш болгонун түшүнөт. Ооруканага барган жокмун,себеби ооруканада бул вирусту жеңүүчү дары-дармек жок, жөн гана организимден вирусту сыртка чыгарууга жардам берүү, мен да муну кылдым. Организм өзү да ушул ыкманы колдонуп, эч тааныбаган,өтө кооптуу бир нерсе кирди,муну чыгарышым керек деп, жан талаша суюктук бөлүп чыгарат. Ишемби күндүн кечине кайтып келели; Тамагымдан өпкөмө карай түшүп баштады,түнү тамагымдан биротоло кетип,өпкөмө толду. Тан калыштуусу, мурунку жерди толугу менен таштап кеткени,эрте менен жанымды сыздатып жаткан тамагымдан кечиндеси эч нерсе калбады. ( Уландысы комментарийде)
Загрузка...
6736   262
24.03.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Тааныбаган адамдарга капа болуп калдым бүгүн 😏 "Үйдө отургула" деген сөз айтыла берип жөнөкөй эле сөз айкашы болуп баратат окшойт, кээ бирлерге...😒 Бир тууган эжем лечение алып ооруканада. Ага керектүү каражаттарды алып баруу үчүн жөнөдүм. (Такси менен.) Жолдо баратып шаардын көчөлөрүн карадым. "Эмне болуп жатат? Элдер жокпу? Эмнелер иштеп же иштебей жатат?" депчи... Адамдар негизи демейдегиден азайыптыр. Аялдамаларда турушат, жарымында беткап (маска) бар, жарымында жок. Аларга "мейли, өтө зарыл жумуштар менен жүрүшсө керек" деп өтүп кеттим. Капа болгонум, ачуум келгени Парктардын скамейкаларында маска тагып алыыыып отурушат 😠 бей-капар! Паркта бүтүрө турган кандай зарыл жумуш болушу мүмкүн?! Дал ошол отургучтардан, четтеринен, эл көп жерден вирус бат жана кенен таркайт, ошондуктан үйдө отургула деп какшап жатышпайбы 😖 Көңүл кош мамиле кылбайлычы! "Автоматтарды алып, өз жаныңарды тобокелге салып согушкула. Ошентип душманды жеңгиле!" деп жатышкан жок го! Болгону чыдап үйдө отуруп туруу гана талап кылынып жатат. Вирустун жайылып кетпешин гана камсыз кылып турсак, ошончолук тез жеңип чыгат экенбиз, буюрса ✊✊✊ Ал эми чыдап үйдөн чыкпай отургандар, жарандык милдетти аткаруу менен биргеликте, мамлекетке жана дарыгерлерге жардам берип жатабыз деп өзүңүздөрдү өзүңүздөр алкап, мактап коюп отуруп туруңуздар ✊ Өлкөбүздө эртерээк вируссуз жашоо келсин 🙏🙏🙏