сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
1146   10
20.03.2020
МАМЛЕКЕТ... МАМЛЕКЕТКЕ ЖАРДАМ БЕРЕМ ДЕСЕҢИЗ... - Мамлекет жардылыктан эмес, АДЕПСИЗДИКТЕН жоголот! -Мамлекет дегениң тек гана адам сымал болсо атаганат... Мисалы, бир адам манжасынан жаракат алса, ал адамдын жан дүйнөсү жана тулку бою ал адамды башкарган башы менен чогуу жаранын азабын тартып, жалгыздын дарты, жалпынын дарты болбойт беле. (Платон) -ушул тапта МАМЛЕКЕТ МАГА ЭМНЕ КЫЛДЫ - ЭМЕС, МЕН МАМЛЕКЕТКЕ ЭМНЕ КЫЛДЫМ ЖАНА ЭМНЕ КЫЛА АЛАМЫН-деген суроо актуалдуу. МАМЛЕКЕТ ҮЧҮН ЭҢ ЧОҢ ЖАРДАМ, -СЫРТКА БАСПОО, -МАСКА ТАГЫНУУ, -КОЛ АЛЫП КӨРҮШПӨӨ, -ӨЗДҮК ГИГИЕНАНЫ КАРОО, -БАЛДАРДЫ СЫРТКА ЧЫГАРБОО, -СОЦТАРМАКТАН ЖАЛГАН МААЛЫМАТ ТАРАТПОО, -ЫНТЫМАККА КӨҢҮЛ БУРУУ, -БИЙЛИККЕ КАРШЫ ЧЫКПОО, -ДИН АРАЛЫК КАСТЫКТЫ ЖАРАТПОО, -ӨКМӨТТҮН ИШИНЕ ТОСКООЛДУК ЖАРАТПОО, -ЭҢ НЕГИЗГИСИ ИБАДАТТЫ БЕКЕМДЕП, БАТАА-ДУАНЫ КҮЧӨТҮҮ... ЖОГОРУДАГЫЛАРДЫ АТКАРУУ ҮЧҮН ЭЧ КАНДАЙ КАРАЖАТ ТАЛАП КЫЛЫНБАЙТ!!! (КОРОНОВИРУСТАН КОРККОНЧОЛУК КУДАЙДАН ДА КОРККОНУБУЗДА АТТИҢ... АЙЫЛДА АЛЛА ДЕП АРАҢ ТУРСАК, АЛЛА МЕНЕН ИШИ ЖОК АРАК ИЧИП КӨЧӨДӨ ТОПОЛОҢ КЫЛЫП ЖҮРГӨНДӨРГӨ ТАҢ КАЛАСЫН) 20.03.20 ИДРИС АКЫН
Загрузка...
4623   942
20.03.2020
Урматтуу достор! ***** Мен Нарматов мырзанын видеосун толугу менен көргөм. Ал киши чын эле бир дагы жолу келгиле мечитке деген жери жок. Ал киши чын эле ыйлап, мечит бош калды, баарыбыз Алланын колундабыз, бүгүн жума намаз, адаттагыдай нуру жаркырап турган аксакалдарыбыз жок, эл жок деп ыйлады. Бирок, Нарматовго окшогон акылдуу адам антип ыйлагандындын кесепетин жакшы түшүнүшү керек. Бүгүнкү күндүн талаптарын эске алыш керек, жоопкерчиликтүү болушу керек деп ойлойм. 1. Нарматовдун аброю эл алдында чоң, Нарматов эмне деп ыйласа, эл аны дүркүрөп колдойт. Эртең жабылган бош базарга барып, базар бош калды, нуру чачкан апалар жок деп ыйласа, эл күркүрөп чакырбаса деле барып алат ошол базарга. Мечитке барып бош калды коронавирустун айынан, суволуш коронавирус деген мааниде ыйлап койсо, калың журт мечитибизди бош калтырбайбыз, вирустан коркпойбуз деп толуп алат ошол жерге. 2. Нарматовдун элге жардамы так ушул учурда керек. Мечит бош деп бош мечиттин ичинде ыйлабастан, кайра өзүн колуна алып, элди ынтымактыка чакырып, үйдө отургула, гигиенаны сактагыла, мечитке азырынча барбай турсак эч нерсе болбойт деп. Үйүнө отуруп. Мындай эле намаз кылса ал дагы кабыл болот деп өрнөк көрсөтүшү керек. Элге, мамлекетке ошол пайда, ошол керек азыр!